КЫРГЫЗДАРДЫН ЖУҢГАРЛАРГА КАРШЫ КҮРӨШҮ

XV к. ойроттордун өз алдынча хандыгы түзүлгөн. XVI к. аяк ченинде ойроттор күчөп, (тыргоот, дэрбөт, хошут, чоростордон турган) «Дөрбөн ойрот» («төрт ойрот» ) союзун түзүшкөн. XVII-XVIII кк. ойрот-калмак баскынчылары Кыргызстанга кайра-кайра талоончул жортуулдарды уюштуруп турган. Теги жагынан монголдордун оң канатына тиешелүү элдерди түрк элдери илгертен эле калмактар, жуңгарлар, ойроттор деп аташчу. Ойроттор Монголиянын батыш тарабындагы кеңири аймакты ээлешкен.

УЛУУ КЫРГЫЗ ДӨӨЛӨТҮ

Кыргыздар өзүлөрүнүн күчтөрүн ал убакта Жети-Сууну ээлеп алышкан карлуктар менен, чиктер жана түрк урууларынын калдыктары менен уйгур каганы Элетмиш Билгеге (747—759-жж.) каршы күрөшүү үчүн бириктиришкен. Түрк бектеринин арасынан чыккынчылар чыгып, каганды эскертип коюшат. Ал чечкиндүү аракет кылып, союздаштарды жалгыздап талкалаган.