ТОКТОБОЛОТ АБДУМОМУНОВ

Кыргыз эл жазуучусу Токтоболот Абдумомунов (1922-1989) негизинен адабияттын бир жанрында — драматургия жанрында эмгектенип, ошол жерден көгөрүп, агарып, бүткүл совет өлкөсүнө таанымал драматургдардын катарына кошулган. Чыгармачылык үзүрлүү эмгектери үчүн ал «Кыргызстандын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер” (1972) наамын алып, «Сүйүү жана үмүт”, «Абийир кечирбейт” пьесалары үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауераты (1967) болгон.

АРСТАНБЕК БУЙЛАШ УУЛУ

Арстанбек — XIX кылымда жашаган кыргыз ырчыларынын эң көрүнүктүү өкүлү, чыгармачылык багыты жана мазмуну боюнча нускоочулардын тобуна кирет. Калк аны булбул атап, зор урмат көрсөткөн. Кыргыз адабияты, маданиятынын тарыхында зор из калтырган. Өз чыгармачылыгы менен замандаш жана кийинки (XIX кылымдын аягы, жыйырманчы кылымдын башы) төкмө жана жазгыч акындарга, ырчы, комузчу, күүчүлөргө зор таасир тийгизген. 

БАРПЫ АЛЫКУЛОВ

Адам рухунан эмне жаралса, ошонун баары эле өлбөс, өчпөс байлыктардын кенчине кошумча болуп кирбейт. Тарыхта жашап калуу укугу да ар кимдин жеке бактысына туш келе бербейт. Ошолордун ичинен мезгилдин катаал жана адилет сынынан өткөндөрү, бүгүнкүгө да, эртеңкиге да, келечекке да таандык боло алчу эң маанилүүлөрү гана узак өмүр сүрө алат. Мына ушундай сейрек жолукчу таалай кыргыздын даңазалуу ак… Кененирээк »

ЖЕҢИЖОК (ӨТӨ) КӨКӨ УУЛУ

Эл арасында «Жел жетпеген Жеңижок, айтышаарга теңи жок» — делип, кезинде, атагы Аксы, Таластан тартып Көл башына чейин дүңгүроп турган орошон таланттын ээси, опсуз чоң акын Өтө Көкө уулунун акындар поэзиясындагы алган орду — төрдө. Жалпы эле элдик поэзиябыздын тарыхында адабий мурастарынын мааниси абдан зор. Ал — чыгармаларынын мазмунунун тереңдиги, тематикалык, жанрдык жагынан ар түрдүүлүгү, көркөмдүк сапаттарынын бийиктиги… Кененирээк »

ЖУСУП БАЛАСАГЫН

Дүйнөлүк адабияттагы эң баалуу адабий эскерткичтердин бири — «Куттуу билим» дастаны. Бул чыгарманын кайсы тилде жазылгандыгы жөнүндө окумуштуулар арасында бүгүнкү күнгө чейин кызуу талаш-тартыштардын аягы басыла элек. Ошентсе да көпчүлүк пикир айтуучулар чыгарма байыркы түрк тилинде жазылгандыгын далилдеп келишет.

КАЛЫГУЛ БАЙ УУЛУ

Калыгул реалдуу жашагандыгы күмөн туудурбай турган, ошону менен бирге эле аты, иштеген иштери легендага айланып, Калыгул олуя — деген лакап ысмы аңыз кептердеги Асан кайгы, Токтогул ырчы, Толубай сынчы, Жээренче чечен, Акыл Карачач сыяктуу ысымдар менен бир катар айтылып калган улуу инсан. Болжол менен Калыгул XVIII кылымдын акыркы чейрегинин ичинде дүйнөгө келип, XIX кылымдын биринчи жарымын толук көргөн… Кененирээк »

КОРГОЛ ДОСУ УУЛУ

Токтогулдун көрүнүктүү шакирттеринин бири, айтышуудан алдырбаган, күүчүлөрдүн күкүгү акын жана комузчу Коргол Досу уулу 1882-жылы Жалал-Абад областынын Токтогул районуна караштуу Чолпон-Ата айылынын жогору жагындагы Ак-Булак деген жердин Айыкты деген жайыгында, Назардын кыштоосунда дыйкандын үй бүлөсүндө туулуп, өмүрүнүн негизги бөлүгүн Ныязаалы, Жеңижок, Токтогул, Эшмамбеттер менен бирге өткөргөн. 

МАХМУД КАШГАРИ

(Махмуд ибн Хусейин ибн Мухамед) Дүйнөлүк мааниге ээ «Түрк тилдеринин сөздүгүнүн «Дивани лугат ат-түрк» автору — Махмуд Кашгари. Ал 1029—30-жылдары Ысык-Көлдүн жээгиндеги байыркы Барскоон калаасында туулган. Кашкар жана Багдад калааларында билим алып, түрк тайпалары жашаган жерлерди кыдырып, алардын тилин, турмуш-тиричилигин, каадасалтын, ой-санаасын, тарыхын жакшы билип, өздөштүрүп, илим үчүн эң керектүү материалдарды жыйнап, Багдад окумуштуусу Халил бир Ахмеддин «Китаб… Кененирээк »

МОЛДО КЫЛЫЧ ШАМЫРКАН УУЛУ

Күн батыш Кочкордогу Ортоктун тоосунун түгөнгөн учу Бугучу аталат. Бул жер кадимки Төрөкелди баатырдын конушу болгон. Ушул Бугучуда 1866-жылы Кылыч төрөлгөн. Азыр бул жер Нарын областы, Кочкор районуна караштуу «Осо-Авиахим» айылы. Бул айылдын мүчөлөрү негизинен Кылычтын туушкандары — Төрөкелди уулунан куралган. Бугучуда Төрөкелдинин күмбөзү бар, ал Төрөкелди уулунун бейити деп аталат. 1917-жылы Кылыч да ошол бейитке коюлган.

МОЛДО НИЯЗ

Кыргыз коомунун XIX кылымдагы зор гуманисти, ойчул акыны жана насаатчысы, Молдо Нияз Эрназар уулу 1823-жылы азыркы административдик бөлүнүш боюнча Ош областындагы Кадамжай районуна караштуу КызылБулак кыштагынын Ак-Суу бою Ак-Кыя деген жеринде  туулган. Уруусу найман, анын ичинде кошон деген урукка кирет. Анын алтынчы атасынан наркы аталарына «бий» деген наам кошо айтылганына караганда (Сазан бий, Кочкор бий, Болот бий, Дулдул бий,… Кененирээк »