ОСМОНКУЛ БӨЛӨБАЛА УУЛУ

Кыргыз ырчылар поэзиясында учкул ойлуу, акылга канык асыл сөздөрдөн ыр токуп адамзат генийинен гана жаралчу кундуу чыгармалары менен акындар поэзиясынын классикалык доорун түзгөн ондогон залкар таланттардын өткөндүгү маалым. Төкмөлүк өнөрүбүздө ырчылык менен «манасчылыкты» жупташтыра билген Балык, Сагымбай, Найманбайдай; негизинен ырчылык менен күүчүлүктү өнөрлөгөн Музооке, Айдаралы, Коргол өңдүү (Айдараалыда мындан тыш куудулдук, пародистик, Корголдо куудулдук, обончулук да болгон —… Кененирээк »

САРТ АКЕ

Кыргыз журтчулугунун тарыхый санжыра таржымалында, биздин жашап жаткан доорубуздун өткөн кылымдарында, элине нускалуу кеби, тунук акыл мурасы менен белгилүү болгон далай инсандарыбыз өткөн экен. Алардын катарына айтылуу Садыр аке, Карга аке, Тилекмат аке, Мойт аке, Сарт аке, Кыдыр аке өңдүү «ата сөзүнүн» кадырман адамдарын киргизүүгө болот. Булардын ар биринин өмүрүн, нарк насилин өзүнчө бир суктануу, ойлонуу менен кабылдай… Кененирээк »

ТОГОЛОК МОЛДО (БАЙЫМБЕТ АБДРАХМАНОВ)

Жазгыч акын Тоголок Молдонун жарык дүйнөгө келиши кыргыз калкынын тарыхындагы кыйын кырдаалга туш келет. Уруулардын ортосундагы тынымсыз чыр-чатактан Цин провинциясынын, Кокон хандыгынын кысымынан жабыркаган кыргыз башкаруучулары Россия падышачылыгына кайрылууга аргасыз болот.

ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ

Токтогул Сатылганов замандардан келаткан төкмөлүк өнөрдүн залкар өкүлү. Бул өнөрдүн жаңырык издерин элдик уламыштардан, үрп-адаттардан табууга болот жана ал эл тарыхынын узак жолунда тынымсыз өнүгүп-өсүп, элдин кайгы-кубанычын, үмүт тилегин билдирип адептүүлүктүн, адамгерчиликтин, жүрүм-турумдун жарчысы болуп келди.

ТОЛУБАЙ СЫНЧЫ

Элдин тарыхында аты кылымдардан-кылымдарга унутулбай, өмүр жолу, аткарган кызматы, кылган иштери адегенде эл арасында аңыз сөз катары тарап, бара-бара легендага айланып кеткен инсандар болот. Алардын айрымдары же бир чоң таланттын, же кадимки адамдардан өзгөчөлөнүп, акылды айран-таң калтырган кандайдыр бир касиеттин ээлери болушат. Мындай адамдардын түбөлүк өлбөстүгү жөнүндө атактуу «Шахнаменин» автору, перси-тажик элдеринин гениалдуу акыны Фирдоуси өзүнүн мисалында минтип… Кененирээк »

АКАДЕМИК В.В.БАРТОЛЬД

Василий Владимирович Бартольд 1869-ж. 3(15)-ноябрда Санкт-Петербургда орусташкан немистин үй-бүлөсүндө төрөлгөн; чоң аталары Балтика боюнан чыккан, чоң таятасы лютеран пастору Россияга Гамбургдан көчүп келген. В.В.Бартольддун атасы биржа маклери болгон. В. В. Бартольд өзүнүн «Өмүр баянында»2 атасынын тапкан-ташыганы кийин уулдарына сакталбай калганын, 1917-жылы Улуу Октябрь революциясынан кийин «атасынын балдарынын бири да эмигрант болуп кетпегенин» белгилейт. Бирок балалык жана өспүрүм жылдары… Кененирээк »

КЫРГЫЗ-КАЗАК АКЫНЫ ЖӨЖӨ    

Акын дегендин аты акын. Башка аты жок. Бирок, акындын да акыны болот. Алардын өзүнө жараша үлүшү, калтырган изи, өз орду бар. Ар бир өнөрлүү адамдын же акындын жаккан ырларын ооздон-оозго аңыз кылып айтуу — тээ атам замандан келаткан биздин элибиздин салты. Ошол уламадан уланып келе жаткан мыкты залкар акындарыбыздын бири  —  Жөжө. Ал акындын ырлары толук жазылып калынбаса да, кай бирлери ооздон-оозго айтылып келе жатат.

БЕЛЕК СОЛТОНОЕВ

Кыргыздын белгилүү патриот уулдарынын бири, тарыхчы, элдик оозеки чыгармаларды жыйноочу, изилдөөчү жана акын Белек Солтоноев 1878-жылы Чоң-Кеминдеги, мурдагы аталышы боюнча Экинчи Жантай айылында, Аюке уругунда (азыркыча Тегирменти айылында) жарды үй-бүлөдө туулган. Наристе жарык дүйнөгө келбей жатып үч ай илгери атасы Солтонкелди көз жумуп, апасы Кыргый эски салт боюнча Солтонойдун никесине өтөт. Ошондон улам Солтонкелди уулу аталбастан, Солтоноев болуп… Кененирээк »

ШАПАК РЫСМЕНДЕ УУЛУ

 ШАПАК Рысменде уулу (1863, Кочкор өрөөнү, Шамшы айылы — 1956, Кара-Суу айылы) — манасчы. ШАПАК  бала кезинен ырга, көркөм сөзгө кызыгып, аны жатка айтып берүүгө абдан шыктуу болгон. Шапактын  «Манас» айтып калуусуна Кочкорго көчүп келип Рысмендеге айылдаш конгон залкар манасчы Балыктын таасири тийген. Балык көчүп келген жылдары ШАПАК  он үч жашта болгон. Кийин жыйырма жаш курагында Балыктын уулу Найманбай менен жакшы жолдош… Кененирээк »

ЫБЫРАЙЫМ АБДЫРАКМАН УУЛУ

ЫБЫРАЙЫМ  Абдыракман уулу (1888, азыркы Жети-Өгүз району, Чырак айылы —1967, Ат-Башы району, Пограничник айылы) — манасчы, белгилүү «Манас» жыйноочу жана фольклорчу. СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү (1948). 1905-ж. Караколдогу «Жаңы тартип» мектебин бүтүрүп, Жети-Өгүздө мугалим болуп иштейт. Алматы, Фрунзе шаарында мугалимдик курста окуган. 1939ж. Фрунзедеги педагогика институтунун 2 жылдык адабий факультетин бүтүргөн. «Манас» эпосунан тартып элдин тарыхый, маданий көркөм мурастарын… Кененирээк »