СООРОНБАЙ ЖУСУЕВ
Кыргыз эл акыны, Токтогул сыйлыгынын лауреаты С. Жусуев 50-жылдардан баштап кыргыз адабиятында чыгармачылык изденүү менен талыкпай эмгектенип келе жатат. Алгачкы тажрыйбалык процессти баштан өткөрүүдө акын да көпчүлүк жаш акындар сыяктуу эле «алыкулдук агымдын» толкунунда болгон. Анын үйрөнчүк деңгээлде жүргөндүгүн тырмак алды «Эмнеликтен сүйөмүн» деген жыйнагы күбөлөп турат.