КАЧКЫНБАЙ АРТЫКБАЕВ

АРТЫКБАЕВ  КАЧКЫНБАЙ (1934-ж. Москва р-ну) Кыргыз Респ. Мамл. сыйл. лауреаты, адабиятчы, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Респ. маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Ал кыргыз адабий илиминин көп сандаган приоритеттүү багыттары б-ча изилдөө иштерин жүргүзүп келет. Ил. макалаларындагы, китептериндеги адабий процесске, көркөм чыгармаларга жүргүзгөн талдоолору, ойлорунун оригиналдуулугу, публицистикалык курчтугу, профессионалдуу жогорку деңгээли көптөгөн ил. талкууларды жүргүзүүгө, олуттуу илимий маселелерди туура чечүүгө, кыргыз адабиятынын тарыхы м-н теориясын… Кененирээк »

АСАН КАЙГЫ

АСАН КАЙГЫ XIII–XVI кылымдардагы Алтын ордого караштуу бир катар элдерге (кыргыз, казак, каракалпак, ногой) орток философ акын. Чыгармаларында жер жүзүндөгү жандуу-жансыздардын чоң-кичинесине, адам турмушуна пайдасы бардыгына, жоктугуна карабай табият, тагдыр тартуулаган чабал жактарын эсепке алып:   «Куйругу жок жалы жок, Кумда туулуп, чөлдө өскөнКулан байкуш кантти экен? Чымчып алар жүнү жок, Чыңырарга үнү жок, Боорунда буту жок, Жылан байкуш кантти экен? – деп бардыгын тегиз… Кененирээк »

МУКТАР АУЭЗОВ

АУЭЗОВ МУКТАР (1897, Абай р-ну, 1961 – Москва) – казак элинин жазуучусу, көрүнүктүү окумуштуу, коомдук ишмер. Казак ИАнын академиги (1946), Казакстандын илимге эмгек сиңирген ишмери (1957), СССРдин көркөм адабият жаатындагы Сталиндик (1949), Лениндик (1959) сыйл. лауреаты. Чыг-лык жолун 1917-ж. «Эңли-Кебек” аттуу пьеса жазуудан баштаган, өмүр жолунда көптөгөн аңгеме, очерк, повесть, драма, роман ж. б. жаратып, бай мурас калтырган. Айрыкча анын «Абай… Кененирээк »

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ

БАЙГАЗИЕВ  СОВЕТБЕК (1946-ж. т., Жумгал р-ну)  –адабият изилдөөчү, сынчы, публицист, жазуучу, педагог-усулчу, филол. ил. доктору (2002), профессор (1995). Кырг. Респ. билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери (1998). «Менин боз торгоюм”(1970) аңгемелер  жыйнагынын, «Кайдасың  Асан-Кайгы?” повесть-эссеси, «Иниме кат” (1982), «Атуул жана Ата-Журт”, «Агай эмне үчүн атынып өлгөн жоксуз?”, «Кыргыз журту ободогу бүркүттүн көзү менен” ж. б. публицистика китептеринин, «Жаңы мүнөздөр, жаңы конфликттер” (1980), «Калем изи” (1987) ж. б.… Кененирээк »

МАР БАЙЖИЕВ

БАЙЖИЕВ  МАР  (1935, Жалалабат ш.)  –  прозаик, драматург, кинодраматург. 1960-ж. КМУнун филология факультетинин орус тили ж-а адабияты бөлүмүн,  1964-ж. Москвадагы Жогорку сценарийлик курсун бүтүргөн. Байжиев чыгармаларын эки тилде – кыргыз ж-а орус тилдеринде жараткан билингивист жазуучу. Анын ысмы таланттуу прозачы ж-а драматург катары Кыргызстанга эле эмес, чет өлкөлөрдө да кеңири белгилүү. Байжиев чыг-лык ишин адабий сынчы ж-а котормочу катары студент кезинде эле баштаган. Анан  өз калемин чакан сатиралык аңгемелерде ж-а… Кененирээк »

КАСЫМААЛЫ БАЯЛИНОВ

БАЯЛИНОВ КАСЫМААЛЫ (1902, Ысыккөл р-ну – 1979, Фрунзе ш.) –  эл жазуучусу (1968). «Биз ким элек, ким болдук” аттуу алгачкы ыры 1924-ж. Алма-Атада «Тилши” газетасында жарыяланган. Жазуучу ушундан кийин деле ыр жазууну уланта берген. Бирок, кара сөз м-н чыгарма жазууга көбүрөөк кызыгып, чыг-лыгында проза негизги орунду ээлей баштаган. Жомоктук сюжеттин негизинде балдарга арналып жазылган «Түлкү  м-н суур” ж-а «Чабалекей м-н жылан” аңгемелери 1925-ж. жарык… Кененирээк »

ШҮКҮРБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ

БЕЙШЕНАЛИЕВ  ШҮКҮРБЕК (1928, Акталаа р-ну  –  2000, Бишкек)  –  Кыргыз эл жазуучусу. Токтогул атн. мамл. сыйлыгынын лауреаты (1982). Прозаик, драматург, 1952-ж. КМУнун филология факультетин аяктаган. 1974-ж. Кыргыз ССРинин иск-восуна эмгек сиңирген ишмери наамын алган. 1950-ж. «Чыныгы достук” повести жарык көргөн. Жазуучунун калемине «Таалай жолу” (1964), «Болот калем” (1981), «Даңкка жараша жүк” (1973) романдары таандык. «Таалай жолу” романы  өз кезинде кыргыз адабиятындагы публицистикалык маанайда жазылган кыргыз интеллигенциясынын  өсүү, калыптануу эволюциясын чагылдырган… Кененирээк »

БЕКТЕНОВ  ЗИЯШ

БЕКТЕНОВ  ЗИЯШ (1911–1994 Түп р-ну)  –  котормочу, белгилүү  тилчи, окумуштуу. 1940-ж. Кыргыз Мамл. педагогикалык ин-тун бүтүргөн. 1961-жылдын өмүрүнүн аягына чейин Баласагын атн. КМУнун ага окутуучусу, доцент, ардактуу профессору болуп иштеп келген.  1933-ж. Т. Байжиев м-н бирге 3–4-класстар  үчүн кыргыз тилинин алгачкы окуу куралын чыгарган. 1949-ж. кыргыз адабияты б-ча биринчи окуулуктун автору болгон (Т. Байжиев авторлош). «Кыргыз адабияты. Орто мектептин 8-классы үчүн хрестоматия  –  окуу китеби” деп… Кененирээк »

ЫСМАЙЫЛ БОРОНЧИЕВ

БОРОНЧИЕВ  Ысмайыл (1910, Чүй  өрөөнү –  1978, Бишкек) Б. жашынан эле ырга ыкласы түшкөн. 1936-ж. филармонияга кабыл алынышы анын талантынын жетилишине, көп кырдуу  өнөрүнүн калыптанышына мыкты шарт түзгөн. Б. биринчи көрүштө эле Калык:   Акындык деген кен болот, Агып жаткан майга окшоп. Маалында жутуп калбасаң, Батып кетет айга окшоп. Талантың болсо тартынба, Таянчың болом артыңда деп, чыг-лыгына ак жол каалаптыр. Б. өзү Калык м-н Осмонкулду устатым деп… Кененирээк »

ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ

БӨКӨНБАЕВ Жоомарт (1910 – Кетментөбө р-ну, 1944). Кыргыз адабиятынын баштоочуларынын бири. Жаш кезинде атасынан ажырап, өлгөндүн азабын бир тартса, өгөй атанын запкысын бир тартып, эрезеге жеткен. Окуйм деп дегдеген Жоомарт 1924–36-жылдары «Көкарт” балдар  үйүндө  тарбияланган. 1931-ж. Фрунзедеги педтехникумду, 1935-ж. Москвадагы Коммунисттик университеттин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. «Жер алган кедейлерге” деген алгачкы ыры 1927-ж. жарык көргөн. 1933-ж. «Эмгек төлү” аттуу биринчи ырлар… Кененирээк »