МАХМУД КАШКАРИ

МАХМУД КАШКАРИ, Махмуд ибн Хусейн ибн Мухамед (1029–30, Ысыккөл өрөөнү – 1126) – энциклопедист, ойчул. Кашкар жана  Багдад калаасында билим алган.  Махмуд Кашкари жаштайынан тилге, адабиятка, тарыхка абдан кызыгып, илимдин башка тармактары боюнча  да көптөгөн маалыматтарды билген, б. а. энциклопедиялык билимге ээ улуу ойчул болгон. Ошол себептүү Махмуд Кашкари»Дивани лугат ат-түрк” («Түрк сөздөрүнүн жыйнагы”) аттуу дүйнөлүк маанидеги баалуу эмгеги чынында эле түрк элдери, алардын… Кененирээк »

МОЛДО БАГЫШ

МОЛДО БАГЫШ Сарыбай уулу (1886–1937, Аксы р-ну) –  төкмө жана  жазгыч, акын. Айылдагы Асан молдодон сабак алып аны: «Асан молдо устатым, Билимине канамын. Арапча жазып арипти, Такшалып күндө  барамын  –  деп ырга кошкон. Андан кийин Наманган облусундагы Шоркен деген жердеги кожолордон алты жыл окуган. 1931-ж. жалган жалаа менен камалып, он ай  Ташдөбө  (Караван), Заркен, Жаңыкоргон, Наманган түрмөлөрүндө  жатып, андан кийин Сибирге (Каратандыга) сүргүнгө  айдалган. Сүргүндө  жүрүп Беломор каналын… Кененирээк »

МОЛДО КЫЛЫЧ ШАМЫРКАН УУЛУ

МОЛДО КЫЛЫЧ Шамыркан уулу (1866, Кочкор р-ну – 1917) – түндүк кыргыздарынын туңгуч жазма акыны; «замана» агымынын көрүнүктүү өкүлү. Сарыбагыш уруусунун белгилүү манабы Төрөгелдинин небереси. Ал жаш кезинен диний мектептен сабаты ачылып, ырларын жазма түрүндө жараткан. 1910-ж. өзү да бир аз убакыт бала окуткан. Ал өзү жашаган учурдагы коомдун зиреги, шарттуу түрдө билимдүүсү, карапайым элдин мүдөөлөшү болгон. Эл… Кененирээк »

МОЛДО НИЯЗ ЭРНАЗАР УУЛУ

МОЛДО НИЯЗ  Эрназар  уулу (1823, Кадамжай р-ну  –1898)  –  жазгыч акын, агартуучу жана  кыргыз тилинде эң  алгач кагазга түшүрүлгөн поэтикалык текст  – «Санаттар” аттуу кол китептердин автору. Алтынчы атасынан наркы бабаларынын ысымына «бий” деген  сөз кошо айтылганына караганда (Сазан бий, Кочкор бий, Болот бий ж. б. ) теги түптүү болуп келип, кийинки аталары дин кызматына, дыйканчылыкка ж. б. турмуштук жагдайларга аралашып кетип, кийин жардыланып калган. Мис., бешинчи (бабага)… Кененирээк »

МОЛДО САЙПИДИН АКСИКЕНТИ

МОЛДО САЙПИДИН  Аксикенти (кол жазма боюнча  таанылган аты Сайф-ад-дин ибн Дамулло Шах Аббас Аксикенти Аксы р-ну – 16-к-н. 1503–1504-ж-дын биринде ошол эле Аксикентиде каза болгон) – кыргыз ойчулу, туңгуч тарыхчы жана  «Манастын” кара сөз түрүндөгү  текстин биринчи жолу 1503-ж. кагазга түшүрүп бүткөн манасчы, «Манас” иликтөөчү. Кыргыздын оң, сол жана  ичкилик болуп бөлүнүшүн, Ак уул, Куу уулдардын бөлүнүшүн 22-23 аталарына чейин атап, мындан 5… Кененирээк »

МУЗООКЕ ЖАМАНКАРЫ УУЛУ

МУЗООКЕ Жаманкары уулу (1800, Акталаа р-ну – 1878) –белгилүү ырчы. Музооке эч кимге жалданып ырдабай, жалаң өнөрү менен жан баккан момун адам болгондуктан, анын азабын да тарткан. Кочкордо бир ашта ырдап жүрсө, өнөрүнө суктанып, эки чоң манап «мен ырчы кылам” деп, талашып ашка жолтоо болушат. Аштын ээси Музоокени өлөсөлүү сабатып, бир жесир кемпирдин үйүнө таштап коёт. КРУИАнын Кол жазмалар… Кененирээк »

АБДЫЛДА МУСАЕВ

МУСАЕВ  Абдылда (1956-ж. т., Бишкек ш.)  –  адабиятчы,  филология илимдеринин доктору, профессор. Эл аралык «Түгөлбай  –  Ата коому» сыйлыгынын лауреаты. Кыргыз адабиятынын, адабият таануусунун жана  адабий көркөм сынынын ар кыл маселелерине арналган макалалардын, изилдөөлөрдүн автору. Анын калеминен 100гө жакын илимий, педагогикалык маанайдагы эмгектер жаралган. Алардын ичинде 3 монография, 4 окуу китеби, бир катар программалар, окуу – методикалык куралдар бар. Мусаев түзгөн программа жана  окуу китептери аркылуу кыргыз адабияты предмет… Кененирээк »

МОЛДОБАСАН МУСУЛМАНКУЛОВ

МУСУЛМАНКУЛОВ  Молдобасан (1883, Нарын  өрөөнү –  1961)  –  акын, ырчы, комузчу. Жаш кезинен ар түрдүү лирикалык ырлар чыгарып, аны  күүгө  салып, кыз оюндарда, аш-тойлордо аткарган. Ырчылык  үнүнүн (обонунун) эң мукам болушу анын эл алдында баркын ого бетер көтөргөн. Атасынын, агасынын акындык, манасчылык талантка эгедер болушу Молдобасандын акындык шыгынын эртелеп ойгонушуна жагымдуу шарт түзүп, алар анын алгачкы устаттарынан болушкан. Ал 17 жашынан ырчы болуп, 25 жашынан баштап… Кененирээк »

НАЙМАНБАЙ БАЛЫК УУЛУ

НАЙМАНБАЙ Балык уулу (1844–1913) –  айтыш акыны, жомокчулардын тибине кирет. Совет мезгилинде сындалып, иликтөө алганынан четтетилген ири ырчылардын катарында турат. Өз заманында жашаган акындардын көпчүлүгү менен айтышкан. Толук эмес маалымат боюнча  да алардын саны бир топ: Калмырза, Бекназар, Эсенаман, Жаманкул, Токтогул, Эшмамбет, Нурмолдо, Куйручук, Кара Курман, Наркүлдүн ырындагы маалыматка караганда, анын да чоо-жайын тарткан көрүнөт. Нурмолдо менен Найманбайдын беттешүүсү өтө… Кененирээк »

НАРКУЛ УУЛУ НУРМОЛДО

НАРКУЛ  уулу Нурмолдо (1838, Ала-Бука р-ну  –  1920)  –  белгилүү  жазгыч жана  төкмө  акын, даанышман ойчул жана  агартуучу. Ата-теги хан ордолорунда, илим-билим борборлорунда, дин ислам изилдөөчүлөрүнүн арасында жашап өткөн илимкөй адамдар болгон. Атасы Наркул, калган ата-бабаларын нары көздөй атаганда: Молдо Темир, Кара кычкач, Молдо кыргыз, Нурмуххаммат, Молдо Сайпидин, Абасхан, Чурчар, Аличур болгондугу айтылат. Нурмолдо 9 жашынан Коштерек кыштагында мечиттен сабатын ачкан. Окуткан молдо анын  өтө  зээндүү жана  идирек экенин байкап, эки жылдан… Кененирээк »