«ОТТОН ӨСКӨН КЫЗЫЛ ГҮЛ» Турар Кожомбердиев

Деңизди алаканга батырыш мүмкүн болбогондой эле бул чакан поэмада кыргыз элинин нечен ондогон кылымдардагы тарыхына саякат жасоо эмес, көз чаптырып чыгышка да мүмкүн эмес. Биз тарыхыбызды терең билбей туруп, келечекти, заманыбызды толук баалап, сүйө албайбыз. Эмесе бул поэма биринчиден, ич арадагы байларга, экинчиден, сырттан келген басып алуучуларга каршы кашык каны калганча күрөшкөн, ыза көргөн, ыйга жуулган, кээде үзүм… Кененирээк »

«ТЕҢДИК ЖОЛУНДА» Сыдык Карачев

ТЕҢДИК ЖОЛУНДА (Эки көшөгөлүү комедия) Ойноочулар: 1.  Чодон — кызуу кандуу 50 жашта. 2.  Зулайка — токтоороок 45 жашта. 3.  Жанаркан — Чодондун кызы 16— 17 жаштарда 4.  Саткын — Чодондун баласы 24 жашта. 5.  Субан — Жанарканды сүйөт 25 жашта

«ЭРКСИЗ КҮНДӨРДӨ» Сыдык Карачев

Ачык аяз, күзгү түн… Учу-кыйыры билинбеген, жайылган жазык теңизинин кучагында жаркырап-жайнап ай мелтирейт. Табиятты күмүш нурга чомдуруп, акырын, салмак менен кулачын жайып, жалтырап кетип бара жатат. Ай нурунун жерге себилген жанга жагымдуу, көзгө көрүктүү сүттөй аппак шооласы менен жымжырттык ичине көмүлгөн жер жүзү жашырын, терең бир сыр ичинде термелип, көргөн бир жандын көңүлүн кытыгы-лап, боюн балжытып, черин таркатып,… Кененирээк »

«ЭРИК ТАҢЫНДА» Сыдык Карачев

Кыш бою иштеп чарчаган денесин эс алдырып, жаңы күч, жаңы кубат жыюу үчүн курортко жыйылган эл. Түрдүү республика, түрдүү улуттардан чогулган жумушчулар, кызматчылар. Эртеден кечке дейре көлдүн жээги кумурсканын уясындаи кайнайт. Баарысы жайкыкүндүн нурунан, таза абасынан толук пайдаланып, калууга ашыгышат. Жайкы алган күч-кубаттарын завод-фабриктерде, иш орундарында пайдаланып калууну ойлошот. Эркек, аял дебей көңүлдөрү көтөрүңкү, кабактары ачык, өңдөрү жагымдуу—жалындуу.

БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ «АШУУДАН БЕРГЕН ОТЧЕТУМ»

Кыргыз коомчулугуна белгилүү акын Байдылда Сарногоевдин бул жыйнагына партия, Мекен, эл, жер жөнүндө соңку жылдары жазылган жаңы ырлары жана поэмалары топтоштурулду. Жыйнак акындын элүү жылдык юбилейине арналмакчы.

БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ «МИДИНГЕ КАТ»

Билинбей кетти кабарың, Мидике кандай абалың? Бир топ жыл бирге татканбыз Бул жактын тамак-шарабын, Бир жүргөн кезди эстесем Бүркөлөт ачык кабагым. Башта бар дечи бир өлүм… Баардыгын жакшы билемин. Эргиген мөлтүр таланттан, Эл үзбөйт тура күдөрүн… Жалдырап карайм мүрзөңдү, Жайлуубу жаткан түнөгүң?