«ТАЙЛАК БААТЫР» ТУУРАЛУУ

Тайлак баатыр тууралуу маалыматтар кытайдын жазууларында, эмгектерде, макалаларда кеңири кездешет. Анын образы фольклордо жана керкөм чыгармаларда иштелип чыккан. Ш. Бейшеналиевдин маалыматы боюнча Тоголок Молдо шакирти Нурдин молдого насааттап баатыр тууралуу дастан жаздырган экен.

«ЭР ТӨШТҮК” ЭПОСУ ТУУРАЛУУ

«ЭР ТӨШТҮК”  эпосу –  түрк элдеринин оозеки эпикалык чыгармаларынын ичинен эң байыркыларынын бири. Ал ар кыл жанрлуу (жөө жомок, баатырдык жомок, баатырдык архаикалык эпос), көп вариантуу, версиялуу чыгарма. « Эр Төштүктүн» варианттары, версиялары кыргыз элинен башка да тектеш, түрк тилдүү  элдердин бир катарында (түркмөндүк татарларда, казактарда) жолугат.

МАНАСТЫН КЕЛИП ЧЫГЫШЫ                       

Кыргызстандын маданияты менен «Манас» эпосун изилдөөчүлөрдүн алдында турган көптөгөн маселелердин ичинде эпостун аты аталган каармандын — Манас баатырдын ысымы жөнүндөгү маселе акыркы орунда турбайт. Биздин көз карашыбызча, эпикалык каармандын ысымы жөнүндөгү маселе кыргыздардын Тянь-Шанга ооп келиши (биз алардын массалык түрдө көчүп келүүсүн айтып жатабыз) жөнүндөгү маселе менен тыгыз байланыштуу. Биздин бул макалабыз жеке маселелерге — жаңы эки проблемага… Кененирээк »