АДАБИЯТ ТАРЫХЫ – ЭЛ ТАРЫХЫ

Ондогон кылымдарды карытып, жалпы адам баласынын оомалуу-төкмөлүү, тарыхый жолунда өзүнө гана таандык из калтырып, тириликтин машакаттуу жолун басып, жашоонун өзгөчө татаал чыйырындагы миңдеген тоскоолдуктардан өтүп, өмүр-өлүм үзөңгүлөш жүргөн далай кагылыш-кармаштарды баштан кечирип, өз атын, өзгөчө белгилерин жоготпой сактап, келе жаткан түптүү элдин кыргыздардын урпактарга калтырган баалуу байлыктарынын бири – оозеки көркөм чыгармачылыгы.

Ч.АЙТМАТОВДУН «КАССАНДРА ТАМГАСЫ» РОМАНЫ ТУУРАЛУУ

Чыңгыз Айтматовдун «Кассандра тамгасы» романындагы көтөрүлгөн глобалдык проблемаларды жан дүйнөм менен кабылдап, ойдон ойго чөмүлүп, Жер менен Космостун чексиз мейкиндигинде жан-алакетке түшүп жатканда негедир элибиздин ой менен сөздүн эң бийик, ыйык синтезин көрсөткөн ташка тамга баскандай элестүү да, көркөмдүү да, маанилүү да терең асыл касиет — кереметтерди камтыган өмүр менен өлүмгө, адам жана коомго байланыштуу нечендеген макал-лакаптарын айласыз… Кененирээк »

ТОГОЛОК МОЛДОНУН БАЛДАРГА АРНАЛГАН ЧЫГАРМАЛАРЫНЫН ТАРБИЯЛЫК МААНИСИ.

Заманыбыздын залкар акыны Т.Молдо биринчилерден болуп балдар үчүн чакан көлөмдөгү ырлардан тартып, көлөмү жагынан чоң элдик уламыштарды поэмаларга чейин иштеп, реалисттик эпикалык чоң чыгармаларга дейре жазган жазгыч акын. Кат-сабаты жоюлгандыктан өз чыгармаларын кагаз бетине түшүрө билген. Айрыкча анын балдарга арнап жазган чыгармалары акындын атын балдар адабиятынын негиздөөчүсү катары көкөлөтүп, кыргыз балдар адабиятынын тарыхында эң жаркын ысым катары кала… Кененирээк »

«БУУДАЙЫК» тууралуу

«Буудайык» дастаны Академиянын Кол жазмалар фондусунда тизмеде жети жерде катталган. Алардын экөө араб тамгасында бирөө латын тамгасында, калгандары азыркы кыргыз тамгасында. Булардын баарынын түпкү нускасы 248-инвентарь номерлүү папкадагы, 1922-жылы 27-октябрда Кайым Мифтаков Нарын районундагы Котон-Арык деген жерде Койлуу Түкөлөйдөн жазып алган материал болуп саналат.

«ЭР СОЛТОНОЙ» тууралуу

«Эр Солтоной» эпосун айтуучулардын бири Сүйөркул Абдырахманов болуп саналат. Сүйөркул 1898-жылы кедей дыйкан үй-бүлөсүндө, азыркы Талас областында Талас районундагы Манас айлында туулган. Сүйөркулдун атасы Абдырахман элдик жомокторго бай, сөзгө уста киши болгон. Жергиликтүү элдин жана жомокторго бай, сөзгө уста киши болгон. Жергиликтүү элдин жана Сүйөркулдун айтканына караганда «Эр Солтоной» эпосун ал киши кыштын узун түндөрүндө от жээгинде отуруп… Кененирээк »

«ЖАҢЫЛ МЫРЗА» тууралуу

Кыргыз эпосу өтө бай жана кеңири тараган жанр. Оозеки адабияттын бул жанры бир нечеге бөлүнөт, алар — мифтик, баатырдык, турмуштук-социалдык эпостор. Булардын арасынан кыргыздын көчмөн турмушуна жараша баатырдык эпос кеңири таралган жана өзүнүн сюжетинин ар түрдүүлүгү менен айырмаланат. Ал эми «Жаңыл Мырза» эпосу болсо баатырдык эпостун арасында өзүнчөлүк орун ээлейт, анткени өзүнчөлүк дегенибиз бул чыгарма баатыр кыз Жаңылдын… Кененирээк »

«КАРАЧ ДӨӨ» тууралуу

«Карач дөө» жөө жомок түрүндө жашап, 1939-жылы биринчи жолу К. Акиев тарабынан ырга айландырылган. Көлөмдүү, 4700 ыр жолдон турат. Бул маалымат акындын эскерүүсүндө орун алып: «Бардык эле акындар жомокту ырга салып айтып жүрүшчү эле. Мен да бул жомокту ырга айландырдым»,— дейт. Ал айткан жомоктун нускасы колдо жок. Бирок «Карач дөөнүн» айрым окуялары али да калк ичинде сакталып калган.… Кененирээк »

«КЕДЕЙКАН» тууралуу

«Кедейкан» кыргыздардын эчен жолку оош-кыйыштуу күндөрдү башынан өткөргөн узак тарыхынын опурталдуу бир учурун камтыган күчтүү эпосторунун сабында турат. Чыгарманын: «Илгери өткөн заманда кыргыз эли катуу ачарчылыкка учурап, алдуусу тентип-тербип оокат таап, алсыздары кайың саап, кыздары шимүүр шимип, эл жардылыктан итке минип азып-тозот.

«КЫЗ САЙКАЛ» тууралуу

«Кыз Сайкал» эпосунда окуя тээ алыстан башат алып, нойгут уруусунан чыккан Карача кандын кытай, калмактан келген жоолордон элин сактап, чеп куруп, жоокер курап, хандык милдетин адал моюндаганын баяндоодон башталат. Чыгармада элдин бирде тынч, бейпил, бирде чаңы асманга сапырылган согуштук жоокерчилик турмушу, жаратылыштын кооздугу реалдуу сүрөттөөгө алынган.

«МЕНДИРМАН» тууралуу

«Мендирман» эпосун жыйноо, изилдөө иши 30-жылдардын аягында гана башталган. Бул дагы 1938-жылдарда кенже эпостордун сериялары жарык көрө баштагандан кийин болгон. Азыр биздин колдо «Мендирман» эпосунун, эгерде жазуучу-драматург Касымаалы Жантөшевдин элдик эпостун негизинде жазган поэмасын эске албасак, эки варианты бар.