ДАСТАНДАР

Кыргыз фольклоруна шарттуу түрдө XIX кылымдын аягы XX кылымдын башында баатырдык жомок же эпос сыяктуу эпикалык жанрдын жаңы формасы катарында поэма (дастан) кирет. Дастан — фарс сөзү. Фарс тилинде тарых, хикая (окуя), өткөн иштердин хикаясы деген мааниде айтылат». Эпостун бир күрдөөлдүү салаасы катарында көпчүлүк түрк элдеринин (азербайжан, түркмөн, өзбек, татар, каракалпак, казак ж. б.) адабиятынан оозеки жана жазма… Кененирээк »

ЧЕЧЕНДИК ӨНӨР

Чечендик өнөр адамзаттын сөз өнөрүнүн, тил маданиятынын төрүнөн орун алган. Кепти керек жерде кереметине чыгара сүйлөгөн — чечендер дүйнө жүзүндөгү ар элде кездешет. Абалтадан айтылын келаткан «өнөрдүн алды — кызыл тил» деген сөз, ириде дал ушул чечендикке тиешелүү. Чечен сөздөр багытталган жакка карата октой таамай, учкул тизмектеле ыргактуу, ары көркөм, өз сөзүнө өзү жооп бере алгыдай далилдүү, так… Кененирээк »

ДИДАКТИКАЛЫК ЧЫГАРМАЛАР

Дидактика гректердин (Ийасисоз — «үлгү болорлук», «сабак болорлук» деген сөзүнөн алынган. Аталышы көрсөтүп тургандай эле адамды адамкерчиликке, ыймандуулукка, адеп-ахлакка үндөгөн акыл-насыят түрүндөгү чыгармалар жатат. Дидактикалык тек өз кучагына көп жанрларды камтыйт. Кыргыз фольклорунда башка элдерде анча учурай бербеген санат насыят, терме, үлгү үгүт, нуска сыяктуу аталыштары башка-башка болгону менен ички мазмуну, сырткы түзүлүшү бири-биринен анча айырмаланбаган үлгүлөрү кездешет.

ДИН ЫРЛАРЫ

Диндик ырлардын элдик оозеки чыгармачылыктын башка түрлөрүнөн дагы бир өзгөчөлүгү — аларды аткарууда кандайдыр бир турмуштук шарт, себеп түрткү болот жана ошого ылайыкташкан ырым-жырым, жөрөлгөлөрдүн аткарылыш процессинде ырдалат. Айрым диндик ырлардын өздөрүнө таандык байыртадан келе жаткан салттык обондору жана атайы адистешкен аткаруучулары да бар.

ЭПИКАЛЫК ЖАНР

«Эпикалык жанр» ушул айкашуу тутумунда өзүнчө бир көрүнүштү туюнтуп, адабий терминдик жүктү аркалап турганы менен түпкү тегинде ар бири өзүнчө мааниге ээ, бүгүнкү маңызына ээ болгонго чейин башка-башка максатта колдонулуп келген жана эволюциялык өнүгүш жолу бар сөздөр.

ЖӨӨ ЖОМОК

Жөө жомок — бардык элдердин оозеки адабиятында атадан балага, чоңдон кичинеге көчүп, айтылып келе жаткан жанрлардын бири. Ал өзүнүн элестүүлүгү, көркөмдүгү менен элибиздин кеңири массасына белгилүү болгон оозеки адабиятыбыздын бир түрү. Кыргыз элинин арасында да жомоктор илгертен бери айтылып келе жаткан элибиздин сүйүктүү чыгармаларынан болуп эсептелет. Бул эпикалык .чыгармалардын белгилүү бир тобун түзөт.

КАЛП

Бүгүнкү күндө илим жүзүндө эпикалык жана лирикалык жанрлардын айрымдары изилдөөнүн алкагына алынып, кайсы бир деңгээлде тиешелүү баасын алды. Бирок, алардын ичинде калп тууралуу али сөз козголо элек. Мунун объективдүү себептери дагы бар өңдөнөт. Алсак, калп фольклордун кеңири тараган көп колдонулбаган, эл оозунда көп кездешпеген үлгүлөрүнөн болгондугу, же анчейин өнүкпөгөндүгү, айтылбагандыгы, жанр катары али толук жетиле электиги өңдүү жагдайын… Кененирээк »

КАРГЫШ

Каргыш ырлары оозеки адабиятыбыздын эң байыркы жанрларынын бири. Фольклордун башка жанрлары сыяктуу эле стадиалдык өнүгүү жолу меней калыптанган. Кыргыз фольклорунда каргыш ырларьшын түрлөрү, көркөмдүк түзүлүшү, мааниси, кеңири тематикада өнүккөндүгү менен салттуу поэзиябыздын бөлүнбөгөн бир бөлүгү катарында кабылданган.

КОШОК

Кошок жанры кыргыз оозеки адабиятынын архаикалык үлгүлөрүнө жатат. Кошок адам баласынын тирүүчүлүгүнө байланыштуу болуп, адам кайтыш болгондо ошого аза күтүү, жоктоо, кайгыруу бул адамдын тарыхында эчак эле пайда болгон көрүнүш десе болот, бул жанрдын башаты тарыхтын күңүртүндө калган менен биз кошоктун үлгүлөрүн байыркы орхон-енисей жазма эстеликтеринен кезиктиребиз.