АЛМАМБЕТТИН БАЯНЫ

АЛМАМБЕТТИН БАЯНЫ — эпостогу салттык туруктуу чоң окуялардын бири. Алмамбет эпосто Манаска тете деңгээлде коюлуп сыпатталган каарман жана ага байланыштуу окуялар да баатырдын өмүр жолун кууп, кеңири планда баяндалат. Алмамбеттин туулушу жана балалык чагы — чыгарманын башкы каарманына мүнөздүү ыктар менен иштелип чыккан маанилүү бөлүм. Окуяда баатырдын өзгөчө төрөлүшүнө, бала чагына, эрдиктерине тиешелүү эпикалык салттык мотивдердин дээрлик бардык белгилери топтолгон: баатырдын… Кененирээк »

КӨЗКАМАНДАР ОКУЯСЫ

КӨЗКАМАНДАР ОКУЯСЫ — эпостогу орчундуу өзөк окуялардын бири, туруктуу салттык окуялардын катарына кирген чоң бөлүм. Кыскача мазмуну Көзкамандар окуясына жакын окуя «Мажму ат-таварихте» да бар. Баатырга жакын тууганы, кээде жолдошу, аялы жана башкалар кастык кылып уулантып, андан укмуштуу түрдө аман калуу (кээде өлүп кайра тирилүү) жөө жомоктордо, эпостордо кеңири белгилүү сюжет.

КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ

КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ — эпостогу салттык туруктуу окуялардын өзгөчө кеңири белгилүүсү. Эпизод эл арасында кеңири тарагандыктан ар түрдүү вариациясы көп жолугат. Чыгарманын окуяларынын өнүгүш нугунда манасчылардын ою боюнча бул бөлүм өзгөчө маанилүү чоң окуянын — «Чоң казаттын» башталышына себеп болгон түйүн. Ошон үчүн «Көкөтөйдүн ашы — көп чырдын башы» делет.

МАНАСТЫН ТУУЛУШУ ЖАНА БАЛАЛЫК ЧАГЫ

МАНАСТЫН ТУУЛУШУ ЖАНА БАЛАЛЫК ЧАГЫ — эпостун башталыш окуяларын камтып турган чоң эпизод, чыгармадагы туруктуу салттык окуялардын бири. Адатта баатырдын теги жөнүндөгү маалыматтардан башталып, Манас эр жеткенге чейинки окуяларды бүт баяндайт. Көптөгөн маалыматтардан, майда окуялардан турат. Аларды мазмунуна карай шарттуу түрдө ар бирин өзүнчө атоого болот. Мисалы, баатырдын теги, күчтүү жоодон жеңилген кыргыздардын чабылып-чачылышы, баласы жок Жакыптын зары, жана башкалар.

ЧОҢ КАЗАТ

ЧОҢ КАЗАТ — эпостогу негизги өзөк окуялардын бири. Кеңири белгилүү салттык туруктуу чоң эпизод, эпостун окуяларынын жалпы өнүгүшүндөгү кульминациялык чек. Сагымбай Орозбаковдун вариантында «Чоң чабуул» деген ат менен айтылат, бирок манасчылардын көпчүлүгүндө «Чоң казат» делет. Эпостогу элге өзгөчө кеңири белгилүү эпизод болгондуктан бөлүмдүн өз алдынча айтылган варианттары да арбын. Айрыкча жети кандын чатагы, Алмамбет менен Чубактын жол талашканы, жылкы… Кененирээк »