ДАВАН МАМЛЕКЕТИ

Тоо этектериндеги зонасы жана чыгыш бөлүгү кийинчерээк Кыргызстандын курамына кирген Фергана өрөөнүндө 6. з. ч. I миң жылдыкта эле отурукташкан дыйканчылык маданияты өнүккөн мамлекет пайда болгон. Бул мамлекет миңдеген жылдарды камтыган тарыхый өсүшкө ээ. Бирок, ал тууралуу жазуу жүзүндөгү маалыматтар б. з. ч. 11-1 кк. тартып гана кездешет. Тарых булактарында байыркы Фергана мамлекети Дабан (Даван) деп аталган. «Фергана»,… Кененирээк »

БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗДАР ЖАНА АЛАРДЫН ХУННДАРДЫН ИМПЕРИЯСЫНА КИРИШИ

Кытай тарыхчысы Сыма Цянь (б. з. ч. 145—86-жж.) өзүнүн «Ши цзи» «Тарыхый жазмалар» эмгегинде белгилегендей, б. э. ч. 201 -ж. хунндардын падышасы Модэ шанүй (кыт. шанүй тенир куту) түндүккө жана түндүк-батышка согуштук жортуулга чыккан. Бул жортуулда ал көз карандысыз бир катар: генгүн, динлин, синьли ж. б. урууларды каратып алган. Бул маалыматтын кыргыз тарыхы үчүн мааниси өтө зор. Генгүн… Кененирээк »

ТҮРК КАГАНДЫГЫ

I миң жылдыктын экинчи жарымы — Түштүк Сибирде, Казакстанда, Орто Азия жана Борбордук Азнянын чек арасында алгачкы түзүлгөн байыркы феодалдык түрк мамлекеттеринин түзүлүшүнө жана өнүгүшүнө таандык. Ошондуктан бул мезгил байыркы түрк доору деп аталат. Ушул доордо бул аймактарда алгачкы феодалдык мамилелер түзүлө баштайт. VI . орто ченинде Борбордук Азияда Кыргызстандын тарыхында көрүнүктүү роль ойлогон биринчи түрк мамлекети түзүлгөн.… Кененирээк »

БАТЫШ ТҮРК КАГАНДЫГЫ (603-704-жж.)

VII к. башында Батыш Түрк кагандыгы «Он ок эли» мамлекетинин аты менен аталган. Ашина династиясыньш мамлекет башчыларынын расми титулдары болуп түрктүн «жабгу каганы» же «он ок элинин каганы» эсептелинген. Мамлекеттин аты да, кагандардын официалдуу титулдары да жетекчи абалды «он ок бодун» («он ок эли») ээлеп турганын далилдеп турат. Себеби бул эл Борбордук Азиядан келген түрк урууларынан эмес, Теңир-Тоонун жергиликтүү… Кененирээк »

ТҮРГӨШ КАГАНДЫГЫ (704-766-жж.)

VIII к. баш ченинде Батыш Түрк кагандыгынын урандыларында Түргөштөрдүн мамлекети пайда болду. Түргөштөр «он ок элинин» дулу конфедерациясына киришкен жана Чүй менен Иле дарыяларынын аралыгын ээлеп турушкан. Алар «сары түргөш» жана «кара түргөш» урууларына бөлүнүшүп, төбөлдөрү өз ара атаандашып турушкан. «Сары» түргөштөрдүн уруу башчысы Үч-элиг каган (704706-жж.) жаңы династиянын негиздөөчүсү болуп калган. Ал Суяб шаарын ээлеп, анда өзүнүн… Кененирээк »

КАРЛУКТАРДЫН МАМЛЕКЕТИ

Түргөш кагандыгынын урандыларында Түрк урууларынын бирикмеси карлуктардын мамлекети пайда болгон. «Карлук бодун» (карлук эли) же «үч карлук» (карлуктардын үч уруусу) деген атты Монгол Алтайынан Балхаш көлүнө чейинки, Тарбагатай кырка тоолорунан түштүккө жана түндүккө карай аймакты ээлеп жаткан көчмөн уруулардын күчтүү союзуна таркатышкан. Карлук бирикмесинин курамына булак, чигил (же себек) жана ташлык деген үч ири уруу кирген болучу. Уруулардын… Кененирээк »

КЫРГЫЗДАРДЫН БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ ҮСТӨМДҮК ҮЧҮН КҮРӨШҮ. БАРСБЕК.

VII к. аягында VIII к. башталышында кыргыздардын Енисейдеги мамлекети коңшуларын олуттуу эсептешүүгө мажбурлаган. Анын башында Барсбек ажо турган. Барсбек баатырдын тушундагы гүлдөп өнүккөн мезгил кыргыз тарыхынын өзгөчө бир ажайып барагы. XIX к. экинчи жарымында орус илимпоздору Енисейден (Енисей Чоң дарыя) табылган руна сымал жазууну окушкан. Бул жазуу VIII к. башында кыргыздар жана аларга туугандаш, бирок кас түрктөр тарабынан жазылып,… Кененирээк »

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ТАШ ЖАНА КОЛО ДООРУ

Таш доору адам коомунун өнүгүшүндөгү тарыхый-маданий мезгил. Бул учурда эмгек жана согуш куралдары негизинен таштан жасалып, жыгач менен сөөк да колдонула баштаган. Анын акыркы баскычында карапа идищтерди жасоо өнүккөн. Таш доору адамзат тарыхындагы узакка созулган доор, ал адамдын айбанаттар дүйнөсүнөн бөлүнүп чыгышынан башталып (мындан 2,5 млн жылдай мурда), металл пайда болгонго (мындан 8 мин жылдай мурда) чейин созулган.… Кененирээк »

ЭНЕОЛИТТИН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА АНЫН НЕГИЗГИ БЕЛГИЛЕРИ

«Энеолит» деген латын жана грек тилдеринен алынып «энеус» — жез,  «литос» — таш, жез-таш доору деген маанини түшүндүрөт. Кээде энеолит термининин ордуна «халколит» сөзү да колдонулат («халкос» грек тилиндеги жез). Бирок терминдердин экөө тен жездин пайда болгондугун далилдесе деле турмушта таш куралдары басымдуулук кылган. Негизинен, энеолит б. з. ч. 5 миң жылдыкта — неолит менен коло доорунун ортолугундагы мезгилди камтыйт. Жез кендери, көбүнчө… Кененирээк »

КОЛО ДООРУ. ОШ ТУРГУН ЖАЙЫ

Колодон жасалган эмгек куралдары, тиричилик буюмдары колдонулган мезгил, коло доору б. з. ч. 3 миң жылдыкта башталып, 2 мин жылдыкта өзүнүн гүлдөгөн мезгилине жетип, 1 миң жылдыктын башталышында бүткөн. Чүй өрөөнүнүн Сокулук, Садовое кыштактары, Кочкордун Шамшы коктусунан табылган коло куралдардын кенчи Кыргызстандын аймагында б. з. ч. XII—VIII кк. коло доорунун өзгөчө өнүккөндүгүн айгинелейт. Болжол менен б. з. ч.… Кененирээк »