БАТКЕН ОКУЯСЫ

Диний экстремисттердин тобу 1999-ж. август айынын башында эгемендүү Кыргыз Респнын түштүгүнө басып киришип, Баткен р-нунда өздөрүнүн лагерлерин курган ж-а аларды чыңдоого аракет кылышкан. Өздөрүн Өзбек Респ-нын мамл. бийлигинин оппозициясыбыз деп эсептеген бандиттик топтор Кыргызстандын аймагын өздөрүнүн базасына айландыруу, тажрыйбасы жок жергиликтүү жаштардын башын айлантып өздөрүнө тартуу, алардан келечектеги баскынчыларды даярдоо максатын көздөшкөн. Өз максаттарына жетүү үчүн алар милициянын,… Кененирээк »

БАСМАЧЫЛЫК

БАСМАЧЫЛЫК (түрк. басмак – кысымга алуу, кордук көрсөтүү) – Орто Азияда Совет бийлигине каршы чыккан реакциячыл кыймыл. Бул кыймыл улуттук-боштондукту көздөгөн максатта жүргүзүлгөн деген да пикирлер бар. Орто Азияда Б. 1917-ж. ноябр-дын аягынан башталат. Большевиктердин «ар бир улуттун өз тагдырын өзү чечүү укугу» деген ураанынын негизинде Түркстандын улуттук ж-а клерикалдык партиялары («Шура-и Ислам», «Алаш», «Шура-и-Улеми») аймакка автономия статусун… Кененирээк »

БАРСБЕК

БАРСБЕК, Ынанчу Алп Билге – 7-к-дын аягы–8-к-дын башында Енисейдеги Кыргыз кагандыгынын башкаруучусу. Анын тушунда кыргыздардын элчилери Кытайга, Тибетке, Түргөш кагандыгына жиберилип   34 турган. Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынын кагандары да Б-ди өзүнө ийитүү максатында оболу анын кагандыгын таанышкан ж-а Элтерис кагандын кызын ага канышалыкка беришкен (Күл тегинге арналган эстеликтин маалыматы). Б. каган табгачтар (кытайлыктар), «он ок (элинин) каганы» (түргөштөр),… Кененирээк »

БАЛБАЛДАР

БАЛБАЛДАР, буркан таштар – ба-йыркы ж-а орто к-га таандык көчмөн түрк тилдүү уруулары мүрзө үстүнө коюучу таш айкелдер (скульптура). Бийиктиги 0,5–4 м. Алардын көпчүлүгүнө адамдын айкели, кийим–кечесинин деталдары, канжары, кылычы же колуна кармаган чөйчөгү м-н кошо чегилген. Чөйчөк молчулукту, ырыскыны чагылдырган. Б-дан көчмөндөрдүн антропологиясын, аскердик жашоо салтын байкоого болот. Айрым учурларда Б. жеңилген жоонун башчысына карата да жасалган.… Кененирээк »

БАЛБАЙ БААТЫР

БАЛБАЙ БААТЫР, Балбай Эшкожо уулу (1797–1867) – бугу уруусунун токойлуу уругунан чыккан беделдүү манап. Ал Боромбай м-н бирдикте 1855-ж. Омскиде Россиянын букаралыгына өтүү ж-дө бугу уруусунун атынан ант кармаган. 19-к-дын 50–60-жылдарында болгон бугу м-н сарыбагыш ортосундагы жаңжалда Б. бугу   32 тараптын кол башчыларынын бири катары белгилүү. Андагы чабыштардын биринде туткунга түшкөн Ормон ханды Б. катуу жарадар кылып, ал… Кененирээк »

БАЛАСАГУН

БАЛАСАГУН (туурасы Баласагын) – Чүй өрөөнүнөн орун алган орто кылымга таандык шаар; Караханийлер мамл-нин борбору. Шаар ж-дө алгач маалымат берген араб автору Мукаддаси Б.ш-н башка шаарлардан чоң болгондугун, эли өтө көп экендигин баяндаган. Махмуд Кашгаринин «Китаб диван лугат ат-түрк» сөздүгүндө Б-дун 2-аты Кузордо деп да берилген. Б. ш-нда «Кутадгу биликтин» автору, акын, илимпоз, ойчул Жусуп Баласагуни туулуп-өскөн. Тарыхчылар… Кененирээк »

БАЙЫРКЫ ЧУСТ МЕТАЛЛ ӨНДҮРҮШҮ

БАЙЫРКЫ ЧУСТ МЕТАЛЛ ӨНДҮРҮШҮ. Фергана өрөөнүндө кен-байлыктардын молдугу металл өндүрүү ж-а андан буюмдарды жасоонун жогорку деңгээлде өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөн. Фергананын   31 Тентексай, Капыррават, Төөмоюн деген жерлеринен жез алынган. Болжолу, Чуст тургундары Чаткал тоо кыркасынын түштүк этегинен, Гава дарыясынын өрөөнүнөн жезди алып келишкен. Өзгөчө Фергана тоо кыркасында калай кенинин болушу металл өндүрүүгө жакшы шарт түзгөн. Чуст ж-а Дальверзин эстеликтеринен… Кененирээк »

БАЙЫРКЫ ТҮРК ЖАЗМА ЭСТЕЛИКТЕРИ

БАЙЫРКЫ ТҮРК ЖАЗМА ЭСТЕЛИКТЕРИ – 7–12-к. түрк уруулары ж-а элдери колдонгон жазма. Ташка, кагазга руна, уйгур, брахма, согда, манихей, сирия (эстрангело) жазуусунда, араб тамгасы м-н түрк тилинде жазылган чыгармалардын кеңири түрү. Негизинен байыркы түрк эстелигин руна сымал жазма түзөт. Кыргыз ж-а түрк калктарынын тарыхын изилдөөдө мааниси зор. Б. т. ж. э. пайда болгон мезгил 7–8-к. деп эсептелип, жогорку… Кененирээк »

МАЛА ХАН, Малабек Шераалы уул

МАЛА ХАН, Малабек Шераалы уулу (1832–1862) –1858–62-ж. Кокон хандыгын бийлеген хан. Кудаяр хандын аталаш агасы (кыргыздардын оң канат бөлүгүнө кирген багыш уруусунун кызы Сонайымдан төрөлгөн). Кудаяр хан бийликте турган кезде, ал Анжиян ш-нын акими болгон. Кудаяр хандын эл камын ойлобогон бийлигине наа-разы Малабек кыргыз, кыпчак төбөлдөрү-нө таянып, бийликти алуу үчүн күрөш   146 баштаган. Ал кыймылга алайлык кыргыздардын бийи… Кененирээк »

«МАЖМУ-АТ-ТАВАРИХ»

«МАЖМУ-АТ-ТАВАРИХ», « Тарыхтар жыйнагы » – 1495-ж. фарсы тилинде жазылган чыгарма. Автору – Сайф ад-Дин Ак-сикенди (Сайпидин Аксылык) өзү бүтпөй калып, аны уулу Орозбай (Ноорузбай) улантып жазып бүтүргөн. Сайпидин Аксылык эмгегинде кыргыздарды оң ж-а сол деп бөлүп, оңго Ак уулдан тараган Отуз уул ж-а Солусбек Булгачыны кошот. Ал эми солго Куу уул кирет. Бул эмгекте 12-к-да, б. а.… Кененирээк »