КОКОН АВТОНОМИЯСЫ

КОКОН АВТОНОМИЯСЫ – Түркстандагы буржуазиялык-демократиялык өкмөт. 1917-ж. 26–29-ноябрда (9– 11-декабрь) Кокондо өткөн мусулмандардын атайын чакырылган крайлык 4-курултайында жергиликтүү элдердин кызыкчылыгына ылайык Түркстан автономиялык түзүлүшүн жарыялаган. Курултай «Түркстан элдик советин» түзүү ж-дө чечим кабыл алып, автономия өкмөтү түзүлгөн. Төрагасы Тынышпаев, кийинчерээк М. Чокоев болгон. Өкмөт Түрк-стан элдеринин өз алдынчалыкка жетишин ж-а эркин улуттук мамлекет түзүүсүн көз-дөгөн. Анын курамына жергиликтүү… Кененирээк »

КОКОН ХАНДЫГЫ

КОКОН ХАНДЫГЫ – 1709–1876-ж-дагы Орто Азиядагы ири феодалдык мамлекет. Фергана өрөөнүндө түзүлгөн. Борбору Кокон ш. болгон. К. х-нын тарыхы үч доорго бөлүнөт. Биринчи доор – түптөнүү доору. Бул доордун бийлери төмөнкүлөр: Шахрух бий (1709–21), Абдурахим бий (1721–34), Абдыкерим бий (1734–47), Эрдэне бий (1750–69) ж-а Нарбото бий (1770–98). К. х. өзбектердин миң уруусунун бийи Шахрух күйөө баласы Акбото бийдин… Кененирээк »

КОКОН КӨТӨРҮЛҮШТӨРҮ

КОКОН КӨТӨРҮЛҮШТӨРҮ – 19-к-дын 2-жарымында Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы көтөрүлгөн кыргыздардын күрөшү. 1871-ж. Кокон хандыгы Россиянын вассалы болгондон тартып (1868), Кудаяр хан карамагындагы элге (Фергана өрөөнүндөгү, Памир-Алайдагы кыргыз көчмөндөрүнө) алык-салыкты көбөйткөн. Ордодогу кыргыздар бийликтен четтетиле баштаган. Булардын бардыгы элдин нааразычылыгын туудурган. Сох өрөөнүнүн кыргыздары көтөрүлүшкө чыгышкан. Андан көп өтпөй Алайда көтө-рүлүш башталып, кийин Кыргызстан-дын түштүгүнүн бардык аймагында кагылыштар… Кененирээк »

ТОГУЗ КОРГОЛ

ТОГУЗ КОРГОЛ, тогуз кумалак – кыргыздын улуттук оюну. Аны 2 киши ойнойт. Оюн тутум б-ча башталат. Т.к-догу терминдер ар кайсы аймакта ар башкача аталат. Т.к. 2 тарабында 9дан 18 чуңкур үйү (уялары), ортосунда жанаша 2 чоң чарасы (казаны, казынасы) бар тактадан ж-а 162 корголдон (ташы) турат. Ойнолчу коргол катары орточо чоңдуктагы буурчактар, тоголок кесилген табылгы, арча, өрүк жыгачы,… Кененирээк »

ТИМУРИЙЛЕР МАМЛЕКЕТИ

ТИМУРИЙЛЕР МАМЛЕКЕТИ – 1370–1507-ж. Мавераннахр, Хорезм, Хоросанды камтыган дөөлөт. Аксак Темир Көрөгөн негиздеген. 1407–47-ж. Т. м-н Тимурдун уулу Шахрух (1377–1447) бийлеп турган. Анын байтактысы Герат ш-нда болгон. Шахрухтун уулу Улугбекти Самаркандын башка-руучусу кылып дайындалган. Иш жүзүндө Самаркан Шахрухка көзкарандысыз өз алдынча мамлекет болгон. 1447-ж. Шахрух өлгөндөн кийин Улугбек бүт өлкөнү башкарып калган. 1469–1506-ж. өлкөнү Султан-Хусейин бийлеп турган мезгилде… Кененирээк »

ТЕШИКТАШ ҮҢКҮРҮ

ТЕШИКТАШ ҮҢКҮРҮ Гиссар тоо кыркасынын түштүк-батыш этегинде, деңиз деңгээлинен 1500 м бийиктикте жайгашкан. Үңкүрдүн бийиктиги 7 м, туурасы 20 м, тереңдиги 21 м. Т. ү-нө тиешелүү беш маданий катмар ачылган. Казуу учурунда 28558 таш буюмдар (оттук таштар, тегерек нуклеустар, леваллуа такталары, кырлары ретушталган учтуу таш куралдар ж.б.) табылган. Т. ү-ндө-гү эң көрүнүктүү табылга – неандерталецтин сөөгү. Сөөк жогорку… Кененирээк »

ТЕМИР ДООРУ

ТЕМИР ДООРУ болжолу б. з. ч. 8-к-дан башталат. Ал темирден жасалган эмгек ж-а согуш куралдарынын пайда болушу, кеңири жайылышы м-н мүнөздөлөт. Т. д-нун техникалык жагынан эң негизги жетишкендиги кенден темирди нымдуу үйлөө ыкмасы м-н алуу болуп саналган. Жаңыдан пайда болгон бышык металлга таш, сөөк, жыгач, ж.б. теңтайлаша алган эмес. Темир буюмдарды коло буюмдардай куюу жолу м-н эмес, согуу… Кененирээк »

ЫСЫК-КӨЛДҮК КЫРГЫЗДАРДЫН КОКОН ХАНДЫГЫНА КАРШЫ КӨТӨРҮЛҮШҮ

ЫСЫК-КӨЛДҮК КЫРГЫЗДАРДЫН КОКОН ХАНДЫГЫНА КАРШЫ КӨТӨРҮЛҮШҮ – Кокон хандыгынын бийлигине каршы Түндүк Кыргызстандагы кыймылдар. 1842-ж. бухаралык баскынчылар Кокон ордосун ээлеп, аларга каршы чыккан кыргыз-кыпчак феодал төбөлдөрү Шераалыны хан көтөрүп жаткан саясий оор кырдаалда Ысык-Көлдү жердеген кыргыздар Каракол, Барскоон, Коңур-Өлөңдөгү кокондук чакан чептерди ээлеп, хандын төбөлдөрүн кууп жиберишкен. 50-жылдардын башында Ормон хандын демилгеси м-н Ысык-Көлдөгү кыргыздар кайра көтөрүлүп, Кокон… Кененирээк »

ЫСЫККӨЛДӨГҮ КОКОН ЧЕПТЕРИН ТАЛКАЛОО АРАКЕТТЕРИ

19-к-дын 40-жылдарында кыргыздардын Кокон хандыгына каршы көзкаранды эместик үчүн кыймылы күчөп, Кыргызстандын түндүктүштүгүндөгү кеңири аймакты камтыган. Буга 1842-ж. ордодогу козголоң ж-а Мадалы хандын өлүмү оңтойлуу 277 шарт түзгөн. Анткени козголоң чыгарган феодалдык топтордун чыр-чатагы, бийлик талашкан ичара күрөштөрү хандыкты начарлаткан, Ордодогу окуяларга алагды болгон кокондук төрөлөр кыргыз элинин боштондук кыймылын тез арада басып коё алмак эмес ж-а ага… Кененирээк »

«ШУРА-И ИСЛАМ»

«ШУРА-И ИСЛАМ» (ар. «Ислам кеңеши») – 1917–18-ж. Түркстандагы диний-саясий уюм. 1917-ж. мартта Ташкенде түзүлгөн. Ага улуттук буржуазия, улутчул интеллигенция, мусулман дин кызматкерлеринин өкүлдөрү кирген. «Ш.-и И.» убактылуу өкмөттүн Түркстан комитетинин өкүлү болуп, жергиликтүү капиталисттердин ж-а жер ээлеринин кызыкчылыгын көздөп, Россиянын курамында Түркстан улуттукмусулман автономиясын түзүү ж-а менчик үчүн күрөшкөн. Анын бөлүмдөрү Түркстандын бардык шаарларында иш жүргүзгөн. «Ш.-и И-да»… Кененирээк »