«СЕЙТЕК» ЭПОСУ

«СЕЙТЕК”  эпосу  өткөн кылымдарда эле «Манас”  үчилтигинен  үзүндү-лөр кагаз бетине түшүргөн жана  бастылып чыгарган академик В. В. Радлов (1869-ж.) эл арасында Манас баатырдын  өзү  эле эмес, небереси Сейтек жөнүндө  да айтылаарын кабарлаган эле. Анын жыйнаган материалында «Сейтек” өзүнүн көлөмүнүн чакандыгына карабастан, (506 сап ыр эле)  сюжеттик схемасы боюнча  бүгүнкү колдо турган көпчүлүк варианттардан айырмаланбайт, анда туруктуу салттык сюжеттик канванын тулкусу дээрлик орун алган. Бул «Сейтек” эпосу «Манастын” ажырагыс бир… Кененирээк »

«СЕМЕТЕЙ» ЭПОСУ

«СЕМЕТЕЙ” –  кыргыздарга кеңири тараган баатырдык эпос. Ал «Манастын” уландысы эсептелип,  үчилтиктин ажырагыс экинчи бөлүгү  катары Манас баатырдын уулунун ысмы менен аталган. Анын эл арасындагы ээлеген орду «Манастыкынан” кем эмес. Жанрдык формасы, композициялык курулушу, образдарынын берилиши, стили жактан элдик оозеки чыг-лыктын классикалык бийиктигине жетип, ага болгон эстетикалык көркөм табит  –  элдин сезиминдеги сүйүктүү  каарманы Манастын оор трагедиясын жеңилдетип, андан ашкан эпикалык көркөм образдын жаралышы… Кененирээк »

«ТОЛТОЙ» ЭПОСУ

«ТОЛТОЙ»  –  эпос. Кызылсуулук кыргыздарда эл арасында айтылып, баатырдык баян катары кеңири тараган чыгармалардан. Ал элдик мураска өтө берилген жа аны талыкпастан чогултуп келген Жусуп Мамайдын агасы Балбай тарабынан жазылып кагазга түшүрүлүгөн. Жазылган кол жазма «Маданий көңтөрүлүш» дүрбөлөңү  учурда Балбай жазыксыз жерден түрмөгө алынганда көптөгөн элдик мурастар менен бирге «Толтой» эпосу да жоголуп кеткен. Бирок, бул кол жазманы… Кененирээк »

“ЭР ТАБЫЛДЫ” эпосу

«ЭР ТАБЫЛДЫ” эпосу – кыргыз калкы басып өткөн катаал күндөрдүн изи, баатырдык күрөштөрүнүн, илгери үмүт, ой-тилектеринин элеси, жандуу тарых катарында эл көңүлүндө, ой-сезиминде күнү  бүгүнкүдөй сакталып, ал да окурмандардын көңүлүн толкутуп термелткен идеялык-мазмуну бийик, көркөмдүгү жогору чыгарма. Ал Кыргызстандын түндүк-түштүгүндө  да кеңири айтылып, калкка кеңири тараган көп варианттуу эпос. А.Тыныбековдукунан башка да варианты бизге белгилүү. 1932-ж. К. Мифтаков мурун Сырдарыя… Кененирээк »

МАНАСТЫН ТУУЛГАНЫ

Манастын туулганы — эпостун варианттарынын бардыгында кездешүүчү туруктуу эпизоддордон. Чыгарманын сюжеттик курулушунда негизги окуялардын башталыш түйүнүнүн милдетин аткарат. Атайын тема коюлуп, өзүнчө бөлүм катары айтылышы (Сагымбай Орозбаковдун варианты), же жалпы тема менен эле берилиши да мүмкүн (Саякбай Каралаевдин варианты, Радлов жазып алган вариант). Башка майда окуялар менен катар бир чоң темага бириктирилип айтылышы көбүрөөк мүнөздүү. Сагымбай Орозбаковдун вариантынан жазылган… Кененирээк »

МАНАСТЫН КАНЫКЕЙДИ АЛГАНЫ

МАНАСТЫН КАНЫКЕЙДИ АЛГАНЫ — эпостун варианттарынын дээрлик бардыгында бар туруктуу салттык чоң эпизод. Баатырдын салтка ылайык үйлөнүүсү, айрыкча баатырдык үйлөнүү эпостордогу кеңири белгилүү, терең иштелип чыккан салттык сюжеттерден. Эпосто Каныкей Манастын өзүнөн кем эмес, айрым учурда жогору бааланган образдардын бири болгондуктан чыгарманын идеялык мазмунунун ачылышында, окуялардын өнүгүшүндө бул эпизоддун мааниси зор. Жакыптын кыз издеши — чоң эпизоддун кириш бөлүмү, эпикалык… Кененирээк »

МАНАСТЫН КАН ШАЙЛАНЫШЫ

Манастын кан шайланышы — эпостун бардык белгилүү варианттарында бар туруктуу сюжеттердин бири, салт боюнча баатырдын балалык, өспүрүм курагынын бүткөн чеги катары эсептелет, сюжеттин орчундуу түйүнү. Жакыпка канатташ жашап, ынтымагы бир жамаатташ болгон Алтай тоосунун арасындагы казак, кыргыз, алчын, үйшүн, найман, аргын, маңгыл урууларынын белдүү, белгилүү адамдары Жайсаң, Күлдүр, Калдар, бала Мажик, Дөгөн кары, Айдаркан, кыпчактардын Таз чечен, нойгут Акбалта,… Кененирээк »

НЕСКАРАНЫН МАНАСТАН ЖЕҢИЛИШИ

Нескаранын Манастан жеңилгени — Манастын алгачкы эрдиктери темасына кирген белгилүү окуялардын бири. Адашып Жакып жашаган Кең-Аралдын аягы менен өтүп кеткен Нескаранын колу эки күн жол жүрүп Маңгулдуктардын Жайсаңбай деген байынын жайыттагы он миң жылкысына туш келип, Жакыптын жылкысы деп ойлоп түп көтөрө тийип алат. Улуу черүүгө батына албаган маңгулдуктар аркасынан чапкылап, алыстан туруп жоолаганы ким экенин сурашат. Басанкул бай… Кененирээк »

«МАНАС» ЭПОСУ КЫРГЫЗСТАН ТАРЫХЫНЫН КӨӨНӨРГҮС БУЛАГЫ

«Манас» эпосу — кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхынын алтын казынасы. Бул чыгарма элибиздин руханий табылгаларынын алгылыктууларын, басып өткөн тарыхый жолунун орчундуу окуяларын чогултуп, укумдан-тукумга өтүп келген улуу мурасы, улуттук сыймыгы. Кыргыз эли өткөн миң жылдыктагы адамзаттын дүйнөлүк маданиятына «Манас» эпосун жаратуу менен чоң салым кошту деп сыймыктануу менен баса белгилесек болот. Манас» эпосу дүйнөдө тендешсиз зор көлөмдүү көркөм чыгарма. Манасчы… Кененирээк »

МАНАС ТААНУУ

МАНАС ТААНУУ,  «Манас” эпосун изилдөө –  кыргыз адабияттаануу илиминин, анын ичинде фольклористиканын «Манас” эпосун жыйноону, изилдөөнү, бастырып чыгарууну ишке ашыруучу тармагы. Манасда эпостун чыгыш доору, идеясы жана  каармандары, жомоктун сюжети жана  композициясы, типологиялык байланышы, айтуучулардын чыгармачылык бөтөнчөлүктөрү, варианттарынын идеялык-көркөмдүк салмагы, бири-бири менен жакындыктары, айырмасы, поэтикасы, элдүүлүгү, жарыяланыш тарыхы, басылыштары (илимий жана  массалык), окутуу проблемалары, эпостун кыргыз маданиятындагы  орду ж. б. проблемалар изилденүүдө. Атайын илим катары  өзүнчө  багыт алып… Кененирээк »