ПРОТОКОЛ

Протокол маанилүү жана көп киши катышкан жыйындын, чогулуштун, конференциянын же бир олуттуу маселе талкуулаган атайын отурумдун өткөрүлүшүн, андагы катышкан адамдардын сүйлөгөн сөзүн жана кабыл алынган чечимин же токтомун баяндаган документ болуп эсептелет. Протокол толук жана кыскартылган түрдө жазылышы мүмкүн. Кыскартылган түрүндө чогулуштагы талкуу бөлүгү алынып салынат да, ал маселе боюнча кабыл алынган чечим гана жазылат. Протокол төмөнкүдөй түзүмдөрдөн турат: 1. Киришүү… Кененирээк »

ТЕСКЕМЕ

Тескеме ар кандай башкаруу деңгээлиндеги ыкчам чечүүнү талап кылган маселелерди көрсөтүлгөн мөөнөттө чечүү үчүн жетекчиси тарабынан чыгарылуучу буйрукчул документтин бир түрү. Тескемени биринчи жетекчиден башка да чарбалык, өндүрүштүк, администрациялык иштин ыкчам маселелери боюнча жетекчинин биринчи орун басарлары, башкы адистер, структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилери чыгарышат. Буйруу таасир этүүнүн чектелген мөөнөтүнө ээ жана аткаруучулардын тар чөйрөсүнө жайылтылат. Тескеме буйрук сыяктуу эле даярдалат.   ҮЛГҮ:  … Кененирээк »

БУЙРУК

Буйрук башкаруу практикасында көп пайдаланылган буйрукчул документ болуп саналат. Буйрук башкы маселелерге байланыштуу мисалы: мекеме, уюм, ишканалардын ички маселелери боюнча, мекеменин же анын ички түзүмдөрүн өзгөртүү, жоюу же кайра түзүү маселелери боюнча, нускама, жобо, эрежелерди ж.б. бекитүү маселелери боюнча, ошондой эле кадрлар маселеси (кабыл алуу, которуу, бошотуу ж.б.) боюнча чыгарылат. Буйрукта жогортон келген, жетекчилер тарабынан чыгарылган жана аткарууга… Кененирээк »

АЛКЫШ КАТЫ

Алкыш каты – коммерциялык эмес кызмат катынын бир түрү. Ал аткарылган жумуш же кызматташтыгы үчүн (уюмга, кызмат адамына, жарандарга) ыраазычылык билдирүү, рахмат айтуу максатында жазылган кызмат каты болуп саналат. Алкыш каты ишкананын фирмалык бланкына же атайын даярдалган кагаздарга жазылат. Анын атайы бир формасы болбойт. Каалоо боюнча чын көңүлдөн же чакыруу, куттуктоо каттарына жооп катары жазылышы мүмкүн. Маалым даректери: Алкыш каты… Кененирээк »

КУТТУКТОО КАТЫ

Куттуктоо каты иш каттарынын бир түрү. Ар бир уюм, мекеме, ишкана куттуктоо катын жазат жана алат. Куттуктоо каттары башка уюм, компания, фирмалардын жетекчилерине, жалпы жамаатына расмий жана кесиптик майрамдарда, мекеменин же кызмат адамынын турмушундагы орчундуу окуяларга байланыштуу жөнөтүлөт. Ал көбүнчө почта, курьер, кээде факс аркылуу жиберилет. Куттуктоо уюмдун бланкына же атайы даярдалган куттуктоо бланкына жазылат. Куттуктоолор кооздолгон кагазда жазылып, атайын папкага… Кененирээк »

КӨҢҮЛ АЙТУУ КАТЫ

Көңүл айтуу каты – кайгылуу окуяга байланыштуу, жабырлануучу тарапка көңүл айтуу, кайгысына ортоктош болууну билдирүү үчүн жазылган кызмат каттардын бир түрү. Көңүл айтуу каттардын тексти эгер ал эл аралык же жалпы республикалык маанидеги маселе боюнча болсо, гезит-журналдарга жарыяланат жана массалык маалымат каражаттары аркылуу берилет. Көңүл айтуу катын жазууда сөздөрдү кылдаттык менен тандоо керек, чын көңүлдөн чыккан ал сөздөр жабырлануучуга күч-кубат бергидей касиетке ээ… Кененирээк »

БАШ ТАРТУУ КАТЫ

Өтүнүч, суроо, сунуш, чакыруу мазмунундагы каттарга макул болбогон учурларда жооп катары берилүүчү кат. Баш тартуу катын жазууда, себебин негиздөө жана түшүндүрүү керек. Баш тартуу катында кайрылган тараптын суроо, өтүнүчтөрү боюнча кайда кайрылуу аркылуу оң жооп алса боло турганы жөнүндө маалымат берилиши мүмкүн.   ҮЛГҮ:   Заказ алуудан баш тартуу каты Сиздердин катыңыздарда компьютердик техниканын эң жаңы моделдери жөнүндө сөз… Кененирээк »

МАКУЛДУК БЕРҮҮ КАТЫ

Өтүнүч кат, суроо каттарга берилүүчү оң жоопту камтыган кызмат каты. Макулдук берүү каты негиздөөдөн же тике маалымат берүүдөн башталышы мүмкүн. Эгер өтүнүч катта негиздөө бар болсо, макулдук кат да негиздөөнү келтирүүдөн башталат.   ҮЛГҮ:   «Акыл» акционердик коомунун төрагасына «Жаштык» кинотеатрынын жетекчилигинен Макулдук берүү каты 2011-жылдын 24-апрелинде саат 14:00дөн 18:00гө чейин ижаранын 50% төлөө шарты менен кайрымдуулук акциясын… Кененирээк »

КЕПИЛДИК КАТЫ

Ишти аткаруу, төлөмдү жүргүзүү, кредитти кайтаруу ж.б. ишти жүргүзүүдө пайдаланылуучу иш кагазынын бир түрү кепилдик кат болот. Кепилдик кат уюм же жеке адамдар тарабынан жазылышы мүмкүн. Кепилдик катта экиден кем эмес кишинин колу коюлат: жетекчи жана башкы бухгалтер.   ҮЛГҮ:   «Асыл» банктын башкармалыгынын төрагасы А. Ж. Жапаровго «Жайыл» дыйкан чарбасынын жетекчиси Р. Борбиевден   Кепилдик кат Дыйкан чарбага таандык… Кененирээк »

ӨТҮНҮЧ КАТ

Бул кат аркылуу ар түрдүү багыттагы иштерди аткаруу, аягына чыгаруу башка бир уюмдан же жооптуу кызматкерден суралат. Бир катта бир нече өтүнүч жазылышы да мүмкүн. Өтүнүч каттын маалым даректери төмөнкүлөр: – кат жөнөтүлгөн уюм, жетекчинин аты; – текст; – тиркеме (зарылчылык болсо); – катты жөнөткөндүн кызматы, аты-жөнү, колу; – датасы.   ҮЛГҮ:   Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими… Кененирээк »