МОМУНДУК ЖАНА ЖАПАКЕЧТИК

МОМУНДУК ЖАНА ЖАПАКЕЧТИК (Наивное и сентиментальное) — дүйнөгө көз караштын ж-а көркөм чыгармачылыктын типтерин мүнөздөө үчүн, табияттагы объективдүү предметтер м-н рефлексдеги пластикалык көрүүгө негизделген чыгармачыл субъект м-н предметтик дүйнөнү ажыратууда Шиллер тарабынан киргизилген («О наивной и сентиментальной поэзии» 1795) философиялык-эстетикалык түшүнүк. Бул эки түшүнүк м-н Шиллер антикалык ж-а учурдагы маданияттын эки тибин бир мезгилде белгилеген, бирок чыгармачылыктын эки… Кененирээк »

МОНАДА

МОНАДА (гр. monas, monados — жалгыз, жеке, бөлүнбөс бүтүн) — айрым философиялык системаларда колдонулган болмуштун негизги элементтерин белгилөөчү түшүнүк. Бул түшүнүк пифагорчулардын ж-а платондук Байыркы Академиянын идеяларынын негизинде дүйнөнү түшүндүрүүчү баштапкы принцип иретинде орун алган. М. түшүнүгү жаңы мезгилдин философиясына Николай Кузанскийдин ж-а Брунонун пантеисттик интерпретациялоосунан өтүштү. Брунодо М. чексиз Асмандагы макрокосмос м-н микрокосмостун биримдиги принцибине ылайык чагылдырылат.… Кененирээк »

МОНАДОЛОГИЯ

МОНАДОЛОГИЯ (“Monadologie”) — Лейбництин чыгармасы. 1714-жылы француз тилинде тезистер формасында жазылган. Анын объективдүү идеализминин философиялык системасынын негизин жалпыга жеткиликтүү баяндаган. М. Лейбинцтин узакка созулган, карама-каршылыктуу философиясын жыйынтыктайт. М. монад ж-дө илимдеги борбордук орунда туруп, турпатсыз «жөнөкөй субстанциялар», «жаратылыштын чыныгы атомдору», «элементтүү нерселер» болгон монадаларга бөлүнбөстүк, жок болбостук, материалсыздык, аффицирленбөчүлүк (жылчыксыздыктын), кайталанбастык, оң касиеттерден өзүнө өзү жетиштүүлүк, өзүнөн өзү… Кененирээк »

МОРАЛДЫК НОРМА

МОРАЛДЫК НОРМА (Норма моральная) — бир типтүү жорук-жосундарга карата пайдаланылган жалпы эрежелер м-н тыюу салуулардын жардамы аркасында адамдардын жүрүм-турумун жөнгө салган адеп- ахлактын талаптардын формасы. Укуктук нормалардан айырмаланып, М. н. мамлекеттик бийликтин негизинде эмес, каада-салт м-н коомдук пикирдин күчү аркылуу санкцияланат; кимдир бирөө тарабынан атайы чыгарылган мыйзамдын натыйжасында эмес, коомдун адеп-ахлактык аң-сезиминде стихиялуу пайда болот. Өз алдынча турганда… Кененирээк »

МОРАЛЬ

МОРАЛЬ (лат. moralis — адеп-ахлак) — коомдук аң-сезимдин бир формасы, коомдук турмуштун эч бир мейкиндигин калтырбай адамдардын жүрүм- турумун теске салуу функциясын аткаруучу социалдык институт. Массалык ишмердикти жөнгө салуучу башка формалардан (укук, өндүрүштүк-административдик тартип эрежелерден, мамлекеттик декреттерден, элдик салттардан ж. б.) М. негизделиши, өзүнүн талаптарын ишке ашыруу жолу м-н айырмаланат. М-да коомдук зарылчылык, керектөө талабы коом м-н топтордун… Кененирээк »

НАТУРАЛИЗМ

НАТУРАЛИЗМ, (лат. natura — жаратылыш) — 1. коомдун өнүгүшүн жаратылыш мыйзамдары (климаттык шарттар, географиялык чөйрө, космостук телолордун нурлары аракеттери, адамдардын биологиялык- генетикалык ж-а расалык ж. б. өзгөчөлүктөрү) м-н түшүндүрүүгө аракет жасаган философиялык методологиялык принцип. Н. коомдун өнүгүшүнүн өзүнө гана таандык объективдүү мыйзам ченемдерин көрө билбеген антропологизмге жакын. Философиялык Н. 17-18-к-да спиритуализм м-н күрөшүүдө чоң роль ойногон, соңунда өзү… Кененирээк »

НАТУРФИЛОСОФИЯ

НАТУРФИЛОСОФИЯ (натура ж-а философия) — жаратылыш философиясы; бир бүтүн деп каралган жаратылыштын карандай акыл м-н түшүндүрүлүшү, чечмелениши. Табият таануу билимдери м-н Н-нын чеги, Н-нын өзүнүн башка философиялык дисциплиналар системасында орду сыяктуу эле улам алмашылып жүрүп отурган. Н. Байыркы грек ф-сында физика деп аталып, табият таануу илимдери м-н жуурулушуп жүрүп отурган. Байыркы Н-га жаратылышты байланыштагы тирүү бүтүн иретинде түшүндүрүү,… Кененирээк »

НЕОДАОСИЗМ

НЕОДАОСИЗМ, (сюань сюе — дилдеги, купуя ж-дөгү окуу) — кытай окуусунда даосизм философиясынын кайра жаралуусунун көрүнүшү, 3-4-к. пайда болгон агым. Кытайдын идеологиялык турмушунда Вэй-цзинь (3-5-к.) мезгилинде үстөмдүк кылган. Бул жолго түшкөндөрдүн ишмердигиндеги негизги форма «жакшы айтуу, жатык тил м-н туюндурууга» аракеттенгендердин көтөрүңкү маанайдагы философиялык маектешүүсү болуп, цинь тан (сөзмө сөз — кирсиз, чыныгы, тунук аңгемелешүү) же сюнь янь… Кененирээк »

НЕОКЛАССИЦИЗМ

НЕОКЛАССИЦИЗМ (фр. neo-classicisme) — антикалык мезгилдин, Кайра жара-луу доорунун ж-а классицизмдин классикалык традицияларынын негизинде 19-к-дын 2-жарымында — 20-к-дарда пайда болгон көркөм агымдардын жалпы аталышы. 1870-80-жылдары немецтик «неоидеалисттер» — сүрөтчүлөр Х. Маре, А. Фейербах, скульптор А. Хильдебранд турмуштун карама-каршылыктарына «түбөлүктүү» эстетикалык нормаларды каршы коюшкан. Классикалык традиция индивидуалисттик өзүм билемдикке каршы коюлган (20-к-да Франциядагы архитекторлор О. Перре, Германияда П. Беренс,… Кененирээк »

НЕОКОНФУЦИЙЧИЛИК

НЕОКОНФУЦИЙЧИЛИК (ли сюе — асмандын, жаратылыштын мыйзам, принциптери ж-дө окуу, же син- ли сюе — адамдын, нерселердин табияты ж-а табияттын мыйзамдары о. эле дао сюе -жолдор ж-дө окуу (дао цзяо — даосизмден айырмасы), кытай философиясында Сун (960-1279) династиясынын тушунда пайда болгон агым. Хань (б. з. ч. 206 — б. з. 220) мезгилиндеги классикалык тексттерди комментарийлөө м-н чектелген конфуцианчылыктан… Кененирээк »