НЕОМАРКСИЗМ

НЕОМАРКСИЗМ 20-к-дын 30-70-ж. марксизмди майда буржуазиячыл революциячыл позицияда туруп ревизиялоочу, бир тектүү эмес, карама-каршылыктуу агым. Ага марксизм м-н жаңы гегелчиликтин, ницщечиликтин ж. б. турмуштун философиясынын варианттарынын (көпчүлүгү Франкфурт мектебинин өкүлдөрү) элементтеринин, «солчул» экзистенциализмдин (Сартр), либерал-гуманисттик чечмелөө иретинде (Фромм) сыяктуу неофрейдизм м-н о. эле анархо-радикалдык духтагы социалдык саясий революция м-н тоталдык «сексуалдык-маданий» революциянын айкашуусунун (Г. Маркузе, В. Райх), структурализмдин… Кененирээк »

НЕОПИФАГОРЕИЗМ

НЕОПИФАГОРЕИЗМ — б. з. ч. 1 к. — б. з. 3 к. байыркы грек философиясындагы ортоңку платонизм м-н тыгыз байланышкан багыт. Н. математикалык символизм методуна өз алдынча маани берди ж-а өзүнүн ой жүгүртүүсүндө төмөнкүдөй түшүнүктөргө таянды: жеке — көп, монада — диада, теңдештик — айырма, так — жуп, чекит — сызык, тегиздик — тело ж. б. О. эле… Кененирээк »

НЕОПЛАТОНИЗМ

НЕОПЛАТОНИЗМ — миң жылдан ашуун убакыт ичинде өнүккөн антикалык философияны жалпылаган ж-а корутундулаган грек философиясынын акыркы формасы. Н-дин негиздөөчүсү болуп Аммоний Саккас (242- ж. өлгөн) эсептелет. Ал жазма эмгектерди калтырган эмес ж-а төмөнкүдөй идеялардын автору болуп саналат: платонизмди аристотелизм м-н айкалыштыруу; стоиктердин жандын материалдуулугу тууралуу окуусун сынга алуу; дүйнөнүн иерархиялуулугу тууралуу окуу. Н-дин тарыхый өнүгүүсүндө төмөнкүдөй этаптар м-н… Кененирээк »

НЕОПОЗИТИВИЗМ

НЕОПОЗИТИВИЗМ — 20-к-дагы философиялык агым, позитивизмдин учурдагы формасы. Н. учурдагы илимдин жүрүшүндө пайда болгон философиялык-методологиялык актуалдуу проблемаларды, өзгөчө традициялуу философия талкаланып жаткан шарттагы философия м-н илимдин мамилесин, илимий ой жүгүртүүдөгү белгилер ж-а символдор сыяктуу каражаттарынын ролун, илимдин теориялык аппараты м-н эмпирикалык базисинин өз ара алакасын, билимди математикалаштыруу ж-а формализациялаштырунун табияты м-н функцияларын анализдөөгө ж-а чечүүгө талаптанган философиялык окуу… Кененирээк »

НЕОРАЦИОНАЛИЗМ

НЕОРАЦИОНАЛИЗМ — 20-к-дын 1-жарымында Францияда ж-а Швейцарияда пайда болгон илимдин методологиясындагы ж-а философиясындагы негизги агым. Негизги өкүлдөрү — Башиар, Г онсет, Мейерсон. Айрым учурларда Н-ге Пиажени, Ж. Ульмону, англо-америкалык илимдин философиясы м-н методологиясынын сын рационализминин, француздук структурализмдин өкүлдөрүн киргизишет. Н-дин негизги уюму — «Рационалисттер союзу» 1930-жылы негизделип, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келүүдө. Н. учурдагы табият таануу илимдеринин практикасын,… Кененирээк »

НЕОФРЕЙДИЗМ

НЕОФРЕЙДИЗМ — психологиянын, психиатриянын, социологиянын ж-а философиянын негизинен АКШда кеңири тараган багыты. Негизги өкүлдөрү болуп Г. Салливан, К. Хорни ж-а Э. Фромм эсептелишет. Айрым учурда Н-ге А. Кардинер, Ф. Александер ж. б. психоанализмдин айрым өкүлдөрүн киргизишет. Алардын башын бириктирген негизги себептер болуп фрейдизмдин идеялары м-н жоболорун (өзгөчө фрейдизмдин коомдук көрүнүштөргө карата психологизм жобосу) жактоочулук, о. эле Фрейддин окуусун… Кененирээк »

НЕОЭВОЛЮЦИОНИЗМ

НЕОЭВОЛЮЦИОНИЗМ — 19-к-дагы Г. Спенсер, Э. Б. Тайлор ж. б. изилдөөчүлөрдүн эмгектеринде иштелип чыккан эволюционизм идеяларын учурдагы софиологиянын, культурологиянын, социалдык антропологиянын чегинде кайрадан карап чыгуунун бир нече варианттарын белгилеген термин. Н. агымдарынын ичинен эволюциялуу «маданий материализм» (Л. Уайт, Л. Бинфорд, Г. Чайлд, Дж. Стюарт, М. Харрис ж. б. америкалык культурантропологдор ж-а археологдор) ж-а эволюциялык функционализм (Т. Парсонс, Р.… Кененирээк »

НИГИЛИЗМ

НИГИЛИЗМ (лат. nihil — эч нерсе) — коомдук турмуштун нормаларын, моралдык принциптерди, маданият мурастарын тануу, жерүү, өгөйлөө. Термин Генрих Якоби тарабынан киргизилгендигине карабастан, И. С. Тургеневдин «Аталар ж-а балдар» (1862) деп аталган романына байланыштуу кеңири белгилүү болгон. В. Даль өзүнүн «Улуу орус тилинин түшүндүрмөлүү сөздүгү» деп аталган атактуу эмгегинде Н-ди төмөнкүчө атаган: «Н. туюуга мүмкүн болбогон нерселердин баарын… Кененирээк »

НОМИНАЛИЗМ

НОМИНАЛИЗМ (лат. nominalis — ысымга, аталышка тиешеси бар) — универсалийлердин онтологиялык статусун четке каккан ж-а аларды ой жүгүртүүнүн абстрактуу, субъективдүү формалары же аталыш катары гана караган философиялык позиция. Каалагандай терминдин денотаты (лат. denotatus — нерселерди аталыштар же белгилер м-н белгилөө) жеке гана мүнөздө болушу мүмкүн. Н. жалпы түшүнүктөргө каршы чыгуу м-н жеке, конкреттүү, сезим м-н таанып билүүгө мүмкүн… Кененирээк »

НООСФЕРА

НООСФЕРА (гр. noos — акыл-эс, sphaira — шар) — биосферанын мыйзамдарын таанууга, билүүгө ылайык адамдардын акыл-эстүү ишмердүүлүгүнүн натыйжасында өзгөртүлүп түзүлгөн жер планетасынын сырткы катмары. Алгачкы жолу Н. түшүнүгү француз математиги Э. Леруа тарабынан сунуш кылынган. Ал Н. деп адамдардын ой жүгүртүү ишмердүүлүгүн, анын натыйжаларын адам коомунда пайдаланууну, аларды топтоону ж-а муундан муунга өткөрүп берүүнү түшүнгөн. Кийинчерээк Н-нын ушуга… Кененирээк »