ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВДУН «СЫНГАН КЫЛЫЧ» – ТАРЫХЫЙ РОМАНЫ

«СЫНГАН КЫЛЫЧ» –  тарыхый роман. Биринчи китеби 1966-ж., экинчи китеби 1971-жылы жарыкка чыккан. Идеялык-тематикалык. проблематикасы боюнча  башкаларга окшобогон «Сынгын кылыч» романы 1971, 1983-жылдагы партиялык пленумдарда  социалисттик идеологиянын куугунтугуна алынып, «…эки жолу тагдыры башка кылычтардын мизине коюлуп, эки жолу катуу чабуулга кабылып, эки жолу сынып түшүп, эки жолу кайра бүтөлүп, эки жолу кайра ордуна келген» (К. Даутов). Көрсө, бул чыгарма мезгилинен эрте жаралган… Кененирээк »

ААЛЫ ТОКОМБАЕВДИН “ТАҢ АЛДЫНДА” РОМАНЫ

«ТАҢ АЛДЫНДА” – ыр менен жазылган роман. 1916-жылдагы көтөрүлүш жана  Үркүн окуялары туурасында баяндалган.. 1962-ж. жарык көргөн Т. Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон чыгарма (1967). «Таң алдында” романынын 1-бөлүгү 1935-ж. «Кандуу жылдар”, 2-бөлүгү  1947-ж. «Таң  алдында” деген ат менен жарыяланган чыгармасынын кайра иштелген варианты. Кыргыз элинин тарыхындагы эбегейсиз трагедияны көркөм чагылдырууга арналган «Кандуу жылдар”  өз убагында карама-каршы пикирлерди жаратып, чыгарманын идеялык мазмунуна… Кененирээк »

ТҮӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВДУН «ТОО АРАСЫНДА» РОМАНЫ

«ТОО АРАСЫНДА” – роман өткөн кылымдын жыйырманчы жылдарынын аягында – отузунчу жылдардын башындагы окуяларды камтып, тарыхый бурулуш доордогу кыргыз элинин турмушун, адамдардын образдарын, тиричилигин жана кулк-мүнөзүн, табият көрүнүштөрүн көркөм сүрөттөгөн эпикалык чыгарма. Анын эки китеби 1955–58-ж. жарык көргөн. «Тоо арасында” Т. Сыдыкбековдун 1937–38-ж. жарыяланган «Кең-Суу” романынын кайра иштелген варианты. Автордун чыгармачылыгында гана эмес жалпы эле кыргыз жазма адабиятынын… Кененирээк »

МУКАЙ ЭЛЕБАЕВДИН «УЗАК ЖОЛ» РОМАНЫ

«УЗАК ЖОЛ”  –  роман.  М. Элебаевдин бул романынын жазылышы менен 30-жылдарда кыргыз адабиятына олуттуу жаңылыктар кирген. Мукай бул алгачкы романы менен улуттук прозаны капыстан профессионалдык деңгээлге көтөргөн. «Узак жол» кыргыз адабиятына баяндоонун реалисттик каадасын, кыскалыкты, лаконизмди, речтик мүнөздөмөнүн, социалдык портреттик  өнөрүн, адабий мүнөздүн реалисттик чындыгын алып келген. «Узак жолдо» айрыкча, көркөм деталдын эстетикалык мүмкүнчүлүгү  жакшы ачылган. «Узак жолдун»… Кененирээк »

МАХМУД КАШГАРИ ЖАНА АНЫН ТҮРК ЭЛДЕРИНИН СӨЗДҮГҮ (ДИВАН ЛУГАТ АТ-ТҮРК)

Махмуд Кашгари XI к. окумуштуу-түрколог. 1029-1038жж. аралыгында Барскон шаарында туулган. Анын атасы Хусейин ибн Мухаммед Ысык-Көлдүн тескейиндеги Барскон шаарын жана дубанды бийлеген бек болгон. Махмуд Кашгари, Багдад, Бухара шаарларынан билим алган. XI к. 50-жж. экинчи жарымынан тарып түрк элдери мекендеген жерлерди кыдырып, алардын тилинин диалектилик өзгөчөлүктөрүн жана жалпылыктарын иликтей баштаган. Анын «Китаб жавахир ан-нахв филугат ат түрк» («Түркий… Кененирээк »

ЖУСУП БАЛАСАГЫН ЖАНА АНЫН «КУТ АЛЧУ БИЛИМ» ЧЫГАРМАСЫ

Жусуптун өмүр баяны жөнүндө азырынча толук маалыматтар жокко эсе. Бирок, автор өзү жөнүндө жазып кеткен кээ бир фактыларды анын «Кутадгу Билиг» («Кут алчу билим») поэмасынан кездештирүүгө болот. Жусуп 1010-101 б-жж. же, 1018-ж. Баласагын шаарында туулган. Окумуштуу Р. Араттын эсеби боюнча поэма жазып бүткөн мезгилде Жусуп 54 жашта болгон. Ал поэманы Баласагын шаарында баштап, 1067-1070-жж. Кашкарда аяктап, баш аягы… Кененирээк »