Кыргыз журтчулугунун тарыхый санжыра таржымалында, биздин жашап жаткан доорубуздун өткөн кылымдарында, элине нускалуу кеби, тунук акыл мурасы менен белгилүү болгон далай инсандарыбыз өткөн экен.
Алардын катарына айтылуу Садыр аке, Карга аке, Тилекмат аке, Мойт аке, Сарт аке, Кыдыр аке өңдүү «ата сөзүнүн» кадырман адамдарын киргизүүгө болот. Булардын ар биринин өмүрүн, нарк насилин өзүнчө бир суктануу, ойлонуу менен кабылдай турган инсандар. Сарт аке, жыл сүрүү болжолунда 1770—80-жылдары азыркы Нарын шаарына жакын (чыгыш тарабында) жарык дүйнөгө келген делинет маалыматтарда.