«ЭР ТӨШТҮК” эпосу – түрк элдеринин оозеки эпикалык чыгармаларынын ичинен эң байыркыларынын бири. Ал ар кыл жанрлуу (жөө жомок, баатырдык жомок, баатырдык архаикалык эпос), көп вариантуу, версиялуу чыгарма. « Эр Төштүктүн» варианттары, версиялары кыргыз элинен башка да тектеш, түрк тилдүү элдердин бир катарында (түркмөндүк татарларда, казактарда) жолугат.