МЕНТАЛИТЕТ (лат. mentalis — акыл, ойлоо, ойлордун образы, рухий склад) — ойлордун, ишенимдердин, рухий көнүмүштөрдүн толук жыйындысына карата жалпы рухий маанайдын багытталгандыгы, ал дүйнөнүн картинасын түзөт ж-а маданий салттардын же кандайдыр бир коомдоштуктун бирдиктүүлүгүн бекемдейт. М. коллективдүү аң- сезимдин ишин мүнөздөйт. Ушул мааниде ал ойдун өз алдынча тибин элестетет. М. — адамдарда алардын табигый болгондорунан ж-а социалдык жактан шартталган компоненттеринен жаралган ж-а жашоо-тиричиликтик дүйнө ж-дө адамдын көз карашын ачып берген жалпылык болуп эсептелет. М. феномен катары коомдук маанайдан, баалуулук багыттардан ж-а идеологиядан айырмалоо керек.