МАТЕРИЯ (гр. materia) — субстрат, субстанция зат, адамзаттын аң-сезиминен сырткары ж-а көз карандысыз болуучу ж-а ал чагылдыруучу обьективдүү реалдуулук. М. дүйнөнүн көптөгөн чексиз реалдуу болгон обьектилерин ж-а системаларын камтыйт, кыймылдын бардык мүмкүн болгон касиеттеринин ж-а формаларынын субстанциалык негизи болуп эсептелет. М. конкреттүү формалардын, түрдүү обьектилердин ж-а системалардын эсепсиз көптүгүндө башкача болбойт. Материя түгөнбөйт ж-а жоголбойт, убакыт б-ча түбөлүктүү ж-а мейкиндикте чексиз, өзүнүн структуралык көрүнүштөрүндө кыймыл м-н ажырагыс байланышкан, белгилүү этаптарда жагымдуу шарттар болгондо өзүн өзү өнүктүрүүгө жөндөмдүү, жашоо- тиричиликтин ж-а ой жүгүртүүчү жандыктын пайда болушуна алып келет.