МАТЕРИАЛИЗМ (лат. materialis — заттык, заты) — материянын обьективдүүлүгүн, алгачкылыгын, түгөнгүстүгүн ж-а жок болбостугун таануучу негизги философиялык багыттардын бири, ал аң-сезимден сырткары ж-а көз карандысыз болот ж-а чындыктын алгачкы негизи катары чыгат. М. идеализмге карама- каршы. Мазмундуу конфронтация, алардын ортосундагы күрөш тарыхый-философиялык процесстин өзөгүн түзөт. Идеялык агым катары М. көп кырдуу. М-дин төмөнкүдөй түрлөрү бар: маңыроо (стихиялык) М. (Лаоцзы, Ян Чжу, Ван Чун, Лопаята мектеби, Гераклит, Анаксагор, Эмпедокл, Демокрит, Эпикур ж. б.). М- дин архаикалык формасы негизги өбөлгөлөрүн, принциптерин рефелкстөөнүн жоктугу м-н мүнөздөлөт. Метофизикалык М. (Ф. Бэкон, Гоббс, Гассенди, Спиноза, Локк) болмуштун же ойломдун кандай өзгөчөлүктөрү абсолютташтырылганына жараша көптөгөн модификацияларга ээ болот. Вульгардык М. (Фогт, Бюхнер, Молешотт) аң-сезимдин социалдык-тарыхый табиятын билмексенге салышат, аң-сезимди мээнин түздөн түз акыркы касиети катары талкуулашат. Антропологиялык М. (Фейербах, Чернышевский) — «үстү жактан» толук курулбай калган деп түшүндүрүшөт. Коомдук реалийлерди чечмелөөдө жаратылыш кубулуштарын түшүнүү-гө алып келүү М. м-н айкалышпайт. Диалектикалык М. материализм принциптерин диалектикага, анын ичинде коомдук мамилелерди ырааттуу түшүнүүгө алып келүүнү билдирет.