ЛОГИКАНЫН ИЛИМИ

Добавил | 11.09.2017

ЛОГИКАНЫН ИЛИМИ, Гегелдин диалектикалык методу кеңири түшүндүргөн, «Чоң логика» («Wissenschaft logik» 1812-16) деп аталган негизги чыгармасы. Ал «Болмуш туурасында илим», «Маңыз туурасында илим», «Түшүнүк туурасында илим» деген үч бөлүктөн турат. Гегель 1831-жылы анын 2- басылышын басууга даярдай баштап, толук кайра иштеп чыга албай калган. Кайра иштеп чыгууга үлгүргөн 1-бөлүгү 1833-жылы басылып чыккан. Гегелдин ою б-ча, логиканын милдети дүйнөнү түшүнүктөрдө аңдап билүүнүн илимий методу м-н ойломду анализдөөдө, илимдеги түшүнүктөрдү ачууда турат. Гегель чындыктын объективдүүлүгү, логикалык формалардын мазмундуулугу алардын предметтүү мазмунга тиешелүүлүгү, метод м-н предметтик мазмундун дал келишүү идеясын карайт. Ошондуктан логика анын чечмелөөсүндө нерселер ж-дөгү ойлоодон аңдап билүүчү илим м-н дал келишет, б. а. метафизика м-н онтология м-н дал келишет. Спекулятивдик жол м-н абсолюттук объект-рух конструкцияланат, аны аңдап билүүнүн логикалык формалары болгон, а баштапкы позиция-субъект м-н объектинин ойлом м-н болмушту теңдеш деп алат. Мына ушул идеалисттик принципке Г егелдин онтология м-н логиканын, методология м-н логиканын, гносеология м-н логиканын ортосундагы айырмачылыкты жоюу ж-дөгү дооматтары негизделет. Гегелдин логикага мазмунчул (онтологиячыл) мамилеси логикалык форманы процессте кароосуна жол ачып, абстрактуудан конкреттүүгө карай өнүгүшүнө, баюусуна, мазмунду бир жактуу аныктоодон органикалык бүтүндүктө өнүгүүсүнө анын жогорку баскычында диалектикалык «чыгарып таштоосуна» ж-а «билимдин тыгыздалуусуна» жол ачты. Гегелдин салымы логиканы изилдөөдө ж-а бүтүн система иретинде баяндоосунда, логикалык категориялардын системасын түзгөндүгүндө. Бул система логикалык категориялар м-н процесс катары ойлонулат, улам кийинки баскычы мурдагы болуп өткөн өнүгүүнүн натыйжасын сактоо м-н өнүккөн даана бүтүн болуп көрүнөт. «Логика илиминде» категориялар системасы болмуш — маңыз — түшүнүк үчилтигине жараша үч майда топторго ажырайт. Бул топтордун ар бири категориялардын майдараак (детальные) топторуна ажырайт: болмуш ж-дө илим сапат категориясын өз ичине алат (болмуш, накта (наличное) болмуш, өзү үчүн болмуш); сан (санды, белгилүү санды, сандык катыштарды); чендер (өзүнө гана таандык сан, реалдуу чен, маңыздын келип чыгышы); маңыз туурасында илим — бир катар рефлексивдүү, б. а. түгөйлөш, бири бирин түшүндүрүүчү ж-а чагылдыруучу, маңыздын аныкталышы (көрүнүшү, теңдештиги, айырмачылыгы, негизделиши, кубулушу, аныктыгы ж. б.). Түшүнүк ж-дө илимдин жалпы схемасы — субъективдүү түшүнүктөн (түшүнүк тар маанисинде сөз, пикир, ой-корутунду) объективдүү түшүнүккө (механизм, химизм, теология), андан соң идеяга (жашоо, таанып-билүү, абсолюттук идея) өтүү. Мында Гегель пикирди ж-а ой-корутундулоо оригиналдуу типтештирет, объективдүү системалардын (механикалык, химиялык, телеологиялык) типтерин жарыялайт, гносеология м-н этиканын, чыныгы таанып билүү м-н этикалык чектөөлөрдүн, таанып билүү процесси м-н адеп- ахлактуулуктун бирдиктүүлүк принциптерин айкындайт. Логикалык категориялардын үч тобунун ар бирине таанымдын кыймылы мүнөздүү: болмушта категориялар катарлаштырылгандай болот, мында алардын дедукциясы ж-а өзгөрүүлөрү али жок; маңыздын баскычында категориялар өз ара бири-биринде чагылышат ж-а бири-бирине өтүшөт, бирок алардын чыныгы айкындалуусу эң акыркы баскычта гана жүзөгө ашат. Логика системасы Гегель тарабынан түздөн-түздөн арадагы каражатка, болмуштан маңызга, андан соң өзүнүн таанып билүүчүлүк формасына, алардын предметтик мазмуну м-н шайкештигин аңдап билүүгө карай өткөн таанып билүүнүн тарыхын жалпыланышы сыяктуу ойлонулган. Логика илими материалисттик диалектиканы калыптандырууга анын принциптерине чоң таасир көрсөттү, анын принциптери В. И. Лениндин «Философиялык дептерлеринде» жогору бааланды. Ошондой болсо да, марксизмдин негиздөөчүлөрү Г егелдин бул чыгармасын абстрактуудан конкреттүүгө карай чыгуу методун идеалисттик түшүндүргөндүгү, «Л. и-нин» ичиндеги жасалмалуулук м-н каалагандайдын өтүшүүсүндө көптөгөн түзүүлөрүнүн спекулятивдик мүнөзүн сындаган.