ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН «ГҮЛСАРАТ» ПОВЕСТИ

Добавил | 26.07.2017

«ГҮЛСАРАТ” Ч. Айтматовдун бул повести биринчи жолу 1966-ж. орус тилинде «Новый мир” журналында (№ 3 санына) жарык көргөн. «Гүлсарат”  –  социалдык планда өтө  курч жазылган чыгарма. Жазуучу бул повести туурасында мындай деген: «Гүлсарат” бир чети эң  чоң  чыг-чылык канагат  алып келсе, бир чети аябагандай көркөм машакат да чектирди десем болоор. Бул повестте мен мурунку чыгармаларымда козголбогон башкача ойлорду айткым келди. Бул повестте азыркы мезгилдеги улуттук турмуштун картинасын сүрөттөп бере алдым деп ойлойм, ушунусу м-н ал мага кымбат. Мен мында улуттук «орнаментти” түзүүгө  эмес, улуттук турмуштун олуттуу проблемаларын чагылдырууга, социалдык конфликттердин, карама-каршылыктардын түпкү  маңызын иликтөөгө  аракеттендим” («Ответственность перед будущим”). Ошентип «Гүлсарат”. повестинин идеялык-тематикалык өзөгүн автор-дун өз сөзү м-н айтканда «улуттук турмуштун олуттуу проблемаларын чагылдыруу, соц. конфликттердин түпкү  маңызын иликтөө” түзгөн. Бул повесть иск-водо соцреализм методу өкүм сүрүп турган учурда авторитардык бийликтин  советтик системада орун алган терс жактарын сынга алууга батынган, жаңыча ойлонуунун добулбасын алгачкылардан болуп калып, элди айдамачылыктын, маңкуртчулуктун сазынан бошонууга чакырган чыгарма. Ошол мезгилдеги саясий-пропагандалык чакырык максатында жазылган көпчүлүк чыгармалардан айырмаланып «Гүлсараттан” ачык декларативдүүлүктүн, алдын-ала белгилүү схематизмдин изи көрүнбөйт. Андагы «чакырык” бүтүндөй чыгарманын көркөм тканына  –  сюжеттик  өзөккө, образдар системасына терең сиңдирилген. Чыгарманын башкы каарманы. Танабай Бакасов. Танабай-ойчул каарман, идеянын каарманы. Анын коом,  өткөн учур, келечек, мезгил жөнүндөгү  ойлору, тынчын алган суроолору бара-бара жөнөкөйдөн татаалга  өтөт, масштабы артат. Танабайдын тагдыры анын жоргосу Гүлсарынын тагдыры м-н өтө тыгыз бирдикте сүрөттөлгөн. Адам ж-а жылкынын тагдыры биринен бирине  өтүп, көп учурларда Танабайдын  өмүр баяны Гүлсарынын «өмүр баяны” аркылуу проекцияланып берилет. Повестте Гүлсарынын образына чоң поэтикалык жүк жүктөлгөн. Гүлсарысыз чыгарма жок, болсо  –  жарым жан. Гүлсары  –  сулуулуктун, аруулуктун, көркөмдүктүн, поэтикалык эргүүнүн символу. Жазуучунун калеминен жаралган Гүлсары  –  Танабайга дем берген, эргүү  берген, бул жашоого сонуркаткан көркөм дүйнө. Ал аркылуу Танабайдын адамдык ажайып сапаттары ачылат, пенделик жазмышы ашкереленет. Чыгарманын чегинде ал аркылуу көркөм дүйнөгө  карата коомдук түшүнүк, көз караш аныкталат. Гүлсарат  –  табият тарабынан берилген  өзгөчө  касиеттик (таланттын) ээси. Ал эми ага карата чыгармадагы мамлекеттик-партиялык «жетекчилерибиздин” мамилеси супсак прагматикалык керектөөчүлүктөн алыстабайт. Эгер ал (асылдык  –  Гүлсары  – талант) алардын бийлигине баш ийбесе, аларга кызмат кылбаса аны жазалашат, «кишендешет”, «камашат”, ага да көнбөсө  «актап салышат”. Ак ниет коммунист Танабайдын каршысында мансапкор партиялык жетекчилер Сегизбаев, Кашкатаев, Алданов, Ыбрайымдардын образдарын жаратуу м-н Ч. Айтматов кыргыз адабиятындагы традициялуу коммунист жетекчинин идеялизацияланган образы туурасындагы советтик окуучулардын иллюзиясын бузду. «Доордун акылы, ар-намысы” деп эсептелген партиянын жетекчилерин терс кайрык м-н сүрөттөөгө ал учурда ар бир эле жазуучу батына бербейт эле. Ч. Айтматов болгондо да райкомдун биринчи секретары Кашкатаев м-н советтик закондуулукту коргоочу прокурор Сегизбаевдердин образдарын партбюронун жүрүшүндө  терең  жана таасирдүү  сүрөттөө  аркылуу алардын культка айлантылган партиялык абройго жашырылган бет пардасын сыйрып ачып берген.

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК  ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. БИШКЕК – 2004.  МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ