ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВДУН «БИЗДИН ЗАМАНДЫН КИШИЛЕРИ» РОМАНЫ

Добавил | 26.07.2017

«БИЗДИН ЗАМАНДЫН КИШИЛЕРИ” –  роман. Т. Сыдыкбеков чыгарманы 1943-ж. январь айында жаза баштап, айрым үзүндүлөрү согуш учурунда «Советтик Кыргызстан” газетасында жарык көргөн. Толук бойдон 1948-ж. басылып, 1949-ж. СССР мамл. сыйлыгына татыктуу болгон. Романда Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы элдин патриоттук духу, баскынчыларга каршы күрөшүүдөгү  биримдиги, улуттар арасындагы ынтымак чагылдырылган. Чыгарманын сюжети бир эмес, бир топ каармандын тегерегинде  өнүгөт. Бирок, бул каармандардын ар бири эсте калаарлык мүнөз касиеттерге эгедер. Чыгарма Ысык-Көл боюндагы бир колхоздун бейкут турмушун көрсөтүү м-н башталат. Романдын композициясында бир багытта  өнүккөн сюжет м-н катар сюжеттен тышкары элементтер: портреттик мүнөздөмөлөр, каармандардын ой жүгүртүүлөрү, уламыштар, Мыскалдын коллективдештирүү жылдары ж-дө  эскерүүлөрү, Сергейдин согуш окуялары тууралуу аңгемелери, Чегирткенин мурдагы турмушу ж-дө  баян, пейзаждар кеңири орун ээлейт. Чыгармада кейипкерлердин кебете-кешпиринин, иш аракетинин көрсөтүлүшү ынанымдуу, пейзаждык сүрөттөр элестүү, айрым жерлерде кыйла жогорку чебердик м-н жазылган. Мунун  өзү  Т. Сыдыкбековдун стилинде аналитикалык башталма күч алып, адам психологиясын көрсөтүү ыкмалары ж-а каражаттары байыгандыгын айгинелейт. Ошону м-н бирге согуш окуялары  көрсөтүлгөн эпизоддор анчалык ынанымдуу эмес, романдын «өндүрүштүк” мазмунуна анчалык шайкешпей турат. Романдын стилинде публицистиканын ыкмалары, о. эле фольклордук ыкмалар колдонулган учурлар бар. Романда Т. Сыдыкбеков согуш жылдарындагы кыргыз айылында жашаган жөнөкөй адамдардын татаал тагдырын көрсөтүүнү  максат кылган. «Биздин замандын кишилери.” романынын мазмунунда ал жаралган мезгилдеги коомдук-саясий жагдай  өзүнүн изин калтырганын айта кетүү керек. Согуш шартына ылайык советтик идеология элди фашисттик баскынчыларга каршы күрөшкө мобилизациялоого бардык күчүн жумшап жаткан учурда Т. Сыдыкбеков да эл турмушун ушул өңүттөн, б. а. душманды жеңиш  үчүн жасаган эмгегин чагылтууга аракеттенген. Ушул аракетинде автор чыгармасында турмуш чындыгын көрсөтүү ачык эле концептуалдашуусуна, же болбосо бир беткей мүнөзгө өтүшүнө жол берген. Натыйжада өлкөнүн тарыхындагы бул кандуу согуш, ар бир адамдын тагдырына салган эбегейсиз мүшкүл, трагедия, ал мезгилдин курч карама-каршылыктары көмүскөдө кала берген.

 

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК  ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. БИШКЕК – 2004.  МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ