АРСТАНБЕК Буйлаш уулу (1824–1878) – ойчул, төкмө, заманачы акын. Калыгул, Молдо Кылыч ж. б. менен бир катарда турат. 1941-ж. окумуштуу Тазабек Саманчин алгачкы жолу «Арстанбек» аттуу жыйнак чыгарган. Коммунисттик идеология мезгилинде А-тин ырлары, ойлору «эскичил», «реакциячыл» деп, аларды басып чыгарууга жана окуп үйрөнүүгө тыюу салынган. А-тин негизги ырлары эл ичинде айтылып, сакталып келген. 1994-ж. А-тин туулганынын 170 жылдык салтанатына карата «Арстанбек» аттуу китеби чыгып, ага «Керээз», «Тар заман», «Кокон бийлиги жөнүндө ыр» ж. б. ырлары кирген. XIX к. орто ченинде, орус падышачылыгы Түндүк Кыргызстанды өзүнө карата баштаган мезгилде бирдиктүү кыргыз улуттук мамлекеттүүлүгү жок болуп, ошондон улам кыргыз улуттук саясаты уруулук кызыкчылыктарга көз каранды эле. Айрым кыргыз уруулары орус аскерлеринин жардамы менен экинчи кыргыз урууларынан «өч алууга» да үлгүрүшкөн. А. өз учурунун түрүн байкап, «азуулуга бар заман, кедейлерге тар заман» – деп, бирок түбү жакшылык болоор деп, келечектен үмүт кылган.
«Саясат таануу» энциклопедиялык окуу куралы.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Кыргыз республикасынын билим берүү министрлиги
Жусуп баласагын атындагы кыргыз улуттук университети