ГРАЖДАНДЫК ДЕМИЛГЕЛЕР

Добавил | 05.03.2020

ГРАЖДАНДЫК ДЕМИЛГЕЛЕР – граждандардын өз укугун бийликтин кысымынан коргоо үчүн уюшулган локалдуу,  ишмердүүлүгү боюнча чектелген, коллективдүү уюштурмасы. Үй-жай, билим, транспорт, маданият, шаардын өнүгүүсү  ж. б. маселелер боюнча атайын түзүлөт. Негизинен буга киргендер тарабынан ыктыярдуу, ишеничи аркылуу иштер  24 www.bizdin.kg  жүргүзүлүп, ар кандай формалдуулуктарга жол жок. Составы өтө ар түрдүү (көбүнчө орто катмар). Мисалы, ФРГда бир  нече миң Г. д. болгон. Г. д. саясий феномен катары 60-ж. студенттик каршылык көрсөтүү кыймылы менен башталат. Г. ддин коомдук саясий ролу түрдүүчө бааланат. Г. д-дин ишмердүүлүгүнүн формалары – чогулуш, митинг, акциялар,  демонстрациялар аркылуу кээде кагылышууга чейин барып, массанын көңүлүн буруу, биргелешип өз укугун коргоо,  бийлик органдарына басым көрсөтүү, түрдүү кампанияларды түзүү, чечимдерди кайра каратуу ж. б. Г. д. локалдуу  чыгуулар кээде чоң демократтык кыймылга өсүп чыгышы мүмкүн. Ошондуктан, Г. д. көп социалдык кыймылдардын  базасы, булагы же көбүнчө аларды ишке ашыруунун, мыйзамдаштыруунун формасы болуп калат. Г. д. кыймылы  Батышта жаңы конфликти пайда кылып, саясий маданияттын жогорулулугун көрсөтөт да, коомдук өнүгүүгө  альтернатива издөө жолу болуп саналат.