КОММУНИЗМ – бул түшүнүк үч мааниде колдонулат: коллективизм абалынан туруп, жеке менчикти тануу, капиталисттик мамилелерди тануу негизги маңызы болгон идеологиянын аталышы катары; негизинде коммунисттик идеология турган партияларды жана кыймылдарды атоо үчүн; коомдук бийлик толтура болуп жайнап турган жана бөлүштүрүүнүн негизинде ар бир адамдын керектөөсүн (күндө өсүп турган) толугу менен канааттандыруу принциби жаткан эң сонун келечекти белгилөө үчүн. К-дин негизги принциптери төмөнкүлөр: антикапитализм, жеке менчикти кыйратуу жана менчиктин эки формасын орнотуу, эски мамлекеттик машинаны жоюу жана башкаруунун, бөлүштүрүүнүн жаңы принциптерин түзүү, маданияттын ичинен «зыяндуулардын» бардыгын алып таштоо. Бул максаттарды ишке ашыруу революциячыл жол менен гана мүмкүн, революциянын негизги кыймылдаткыч күчү жумушчу табы болуп, анын бийлиги диктатордук мүнөзгө ээ болот. ХХ к. курч таптык карама-каршылыктардын шартында К. идеясынын пайда болушу жана өнүгүшү тарыхый мыйзам ченемдүү болгон.
Бирок индустриялык коомдун өнүгүшү жана анын жаңы технотрондук доорго өтүшү менен, ортоңку таптын коомдун негизги табына айланышы менен, диалогдор жана компромисстер маданиятынын таралышы менен К. идеясы жоюлуп баратат. Анын куру кыял экендиги практикада далилденүүдө. Батыш өлкөлөрүнүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, социалисттик идеяларды ишке ашыруу үчүн революциянын, диктатуранын, граждандык согуштун, миллиондор үчүн концлагердин, бардык адамдарды бир эле коммунисттик идеологияга баш ийдирүүнүн, тышкы дүйнөдөн бөлүнүүнүн эч кереги жок, анын ордуна демократтык, гуманисттик принциптерди жана механизмдерди акырындык менен жайылтуу, граждандык коомду жана улуттук мамлекетти куруу жана аларды социалдык коргоо маңызы менем сугаруу керек. Дүйнөлүк прогрессивдүү коомчулук ушул багытта өнүгүп баратат жана ири ийгиликтерге жетишүүдө.