КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ

Добавил | 06.03.2020

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ (Кыргыз Республикасынын негизги мыйзамы) –  республиканын коомдук, саясий жана экономикалык түзүлүшүнүн негиздерин бекитет. Биринчи жолу 1929-ж. 30-  апрелде Кыргыз АССР Советинин II съездинде Кыргыз АССР Конституциясы кабыл алынган. 1937-ж. 20-мартта  республикалык Советтердин чукул чакырылган V съездинде Кыргыз ССРинин Конституциясы кабыл алынган. Ушул  Конституциянын негизги принциптерин сактап, айрым толуктоолор, өзгөртүүлөр менен 1978-ж. 20-апрелде Кыргыз  ССРинин Конституциясы кабылданган. СССРдин жоюлушу менен Кыргыз Республикасы толук эркиндикке, көз  карандысыздыкка жетишип, 1993-ж. 5-майда К. Р. Конституциясы кабыл алынган. Анын I-статьясына ылайык, Кыргыз  Республикасы (Кыргызстан) – эгемендүү, унитардык, улуттук, динден тышкары демократиялык республика – деп  жарыяланган. К. Р. К 97-статьяны камтыган 8 бөлүмдөн турат. К. Р. К. дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен  даярдалып, эл аралык эксперттерди да кароосунун өткөрүлгөн. Ошентсе да коомдук турмуштун кыска мезгилде тез  өзгөрүшү К. Р. К-на толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү кийирүү зарылчылыгын пайда кылды. 1994-ж. 22-октябрда  өткөрүлгөн бүткүл элдик референдумдун жыйынтыктарына ылайык, ушул эле жылы 6-декабрда түзүлгөн  Конституциялык Кеңешме Конституциялык өзгө-рүүлөр жана толуктоолор долбоорун иштеп чыкты. Эки палаталуу  парламентти түзүү – өзгөртүүлөр-дүн өзөгүн түздү. 1995-ж. 5-февралда өткөрүлгөн Жогорку Кеңешке шайлоолор да  ушул эки палаталуу парламенттин негизинде өттү.

1996-жылдын 10-февралында өткө-рүлгөн референдумдун  жыйынтыктарына ылайык, Кыргыз Республикасынын 17-февралындагы «Кыргыз Республикасынын Конституциясына  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кийирүү жөнүндөгү мыйзамы менен К. Р. К-на өзгөртүүлөр жана толуктоолор  киргизилди.