ЛОББИЗМ (англ. lobby — коридор) парламенттин чечим кабыл алуу проццесинде жеке жана коомдук уюмдардын (саясий партия, профсоюз, корпорация ж. б.) таасир кылуучу механизмин түшүндүргөн саясий термин. Л. Америкада саясий мааниге өттү. Демек шайлоо учурунда добушту «коридордо», «көчөдө сатып алуу» дегенди түшүндүрөт. Л. саясаты: 1). Социалдык, саясий күчтөрдүн пайдасына; 2). Өлкө, региондор үчүн; 3). Жалпы социалдык же глобалдуу проблемаларды чечүү максатында колдонулат. Л. 1946-жылдан АКШда көзөмөлдөнөт жана финансылык жардам алат. Л. көп тепкичтүү кубулуш. Л. негизи болуп социалдык, этностук, саясий топ же кыймыл эсептелет. Механизмдери – көзөмөлгө алуу, АКШда эң күчтүү Л. – согуш өнөр жай комплексинде.