МАМЛЕКЕТ БАШЧЫСЫ

Добавил | 06.03.2020

МАМЛЕКЕТ БАШЧЫСЫ – жогорку кызмат адамы. Мамлекеттин аткаруучу бийлигин алып жүрөт жана тышкы дүйнө  менен болгон байланыштарда жогорку өкүлү болот. Азыркы учурдагы монархияларда (Улуу Британия, Дания, Япония,  Швеция, Испания ж. б.) М. б – монарх (падыша, император, эмир). Анын бийлиги эреже катары мыйзам орноткон тартип  менен бир өкүлүнөн экинчи өкүлүнө мураска берилет. Республикаларда М. б. – президент. Ал түздөн-түз калк тарабынан  (Россия, Аргентина) же көп баскычтуу шайлоолордун (Италия, ФРГ, Индия) натыйжасында шайланат. Бир катар  өлкөлөрдө индивидуалдуу М. б. бар, президенттик республикаларда (АКШ, Мексика, Африканын кээ бир өлкөлөрү) ал  бир эле убакта Өкмөттүн башчысы болуп калат. Көптөгөн чет өлкөлүк мамлекеттердин конституциялары М. б-на  кеңири укуктарды ыйгарган: ал өкмөт башчыларын жана министрлерди дайындайт, куралдуу күчтөрдүн жогорку башкы  командачысы болот, күнөөнү кечүү укугуна, вето укугуна ээ, ал орден жана медалдарды ыйгарат, парламенттин  сессиясын чакырат, парламентти таркатуу укугуна ээ, шайлоолорду дайындайт, мыйзам чыгаруучу демилге укугуна ээ,  парламентке сунуш-талаптар менен кайрылуу укугуна ээ ж. б.

Иш жүзүндө болсо парламенттик бийлик түрүндөгү  мамлекеттеринде М. б-нын укуктары анын атынан өкмөт тарабынан ишке ашырылат, Парламенттик республиканын  (Франция) мисалында түзүлгөн кээ бир мамлекеттерде өкмөттүн ролун президентке «улуттук көз карандысыздыктын  гаранты» катары чыныгы кеңири укуктарды берүү жолу менен азайтуу тенденциясы байкалат. М. б-на өзгөчө абалда  укуктарды берүү да практикада кездешет. Президенттик республикаларда М. б. бир эле мезгилде өкмөттүн башчысы  болуу менен бирге, өзүнүн укугун өз алдынча ишке ашыра алат. Бул болсо анын бийлик орган-дарынан көз карандысыз  болушуна мүмкүндүк берет.