«МУХТАСАР ТАРЫХ-И КЫРГЫЗИЙА» – «К ы р г ы з д а р д ы н к ы с к а ч а т а р ы х ы» – Октябрь социалисттик революциясына чейинки доордогу кыргыз тарыхчыларынын бири Осмонаалы Сыдык уулунун 1913-ж. Уфа шаарында басылып чыккан китеби. Китеп кыргыз тилинде жазылган. Анда мусулман элдеринин санжыра-салты сакталып, ыр жана кара сөз түрүндөгү кириш бөлүмүнөн кийин адамзаттын санжырасы башталат. Алгач Адам ата, Обо энеден (Ева) баштайт. Экинчи ата катары Нух (Ной), анан Нухтун үч уулу: Хам, Сам, Йафес саналып өтөт. Йафестин уулдары экиге – Арийлерге, Туранийлерге бөлүнөт. Туранийлерге Азия материгинде жашаган кытайлар, инди-кытайлар, япондор, финдер, осмондор (түркиялыктар), татарлар, кыргыздар, казактар, калмактар, дунгандар кирээрин жазат. Йафестин төрт уулунун эң улуусу Түрк. Түрк уруулары жөнүндөгү главада түрк-моңгол көчмөн урууларынын мусулман элдери үчүн салтка айланган санжырасын берип, андан ары кыргыз урууларын санаганга өтөт. «. . . Кыргыз Му-хаммед алейсаламдан үч миң төрт жүз жыл мурун дүйнөгө келген», – деп жазат. Бул эмгекте негизинен түндүк кыргыздардын айрым урууларынын санжырасы кененирээк берилген.