Кокон хандыгы жоюлган кезде Түштүк Кыргызстандын тоолуу аймактары, Алай ж.б. өрөөндөрү орус мамлекетине каратыла элек болчу. Фергана областынын жаңы аскер губернатору М. Д. Скобелев кандуу колун кургатпай, көтөрүлүштүн саркындыларын жок кылууну, баскынчылык саясатын улантууну көздөгөн.
М. Д. Скобелев моюн сунбаган кыргыздарды талкалоо үчүн атайын «Алай илимий-согуштук экспедициясын» уюштурган.
Экспедициянын курамына аскердик күчтөрдөн тышкары бир топ окумуштуулар кошулган. Алар барометриялык байкоолорду жүргүзүп, зоогеографиялык, статиегикалык материалдарды жыйнашып, топографиялык чиймелерди даярдашмак. Чындыгында бул экспедиция алай кыргыздарын биротоло каратууга багытталган кадимки эле согуштук басып алуу экспедициясы болгон. Бул экспедицияга М. Д. Скобелев командачылык кылган. Эркиндикти сүйгөн алайлык кыргыздардын күрөшүнө Алымбек датка менен Курманжан датканын уулдары Абдылдабек, Батырбек, Мамытбек жана Асанбек жетекчилик кылышкан.
Алай тоолорундагы кармаштар орус аскерлери үчүн ыңгайсыз жана татаал шарттарда жүргөндүктөн, өзүнүн оордугу жана саясий-стратегиялык мааниси жагынан Фергананын түздүктөрүндө 1875-1876-жж. жүргүзүлгөн согуштарга тете болгон. Бул кармашта көтөрүлүшчүлөр баскынчыларга каршы жан аябай катуу каршылык көрсөтүшкөн. Жазалоочулар эч кимди аяган эмес. Балдар, аялдар, кары-картаңдар кыргынга учураган. Бул экспедицияга Шабдан баатыр Жантай уулу нөкөру Баяке, шшси Байбосун баштаган 40тан ашуун жигиттери менен катышкан. Ал орустар менен алайлык кыргыздардын ортосунда ортомчу болуп, экспедициянын тынчтык жолу менен жүрүшунө аракет кылган. Анын аракети менен далай жерде кан төгүлбөй калган.
Россияга баш ийүүнү каалабаган Курманжан датка 1876-ж. июндун башында эле өз айылы менен Кашкар тарапка көчүп кеткен. Ал жактан Алайга «Алай экспедициясы» кызуу жүрүп жат-кан учурда кайтып келген. Курманжан датканы орус аскерлери 29-июлда Чоң Алайда өргүп жаткан М. Д. Скобелевдин лагерине алып келишкен. Анын Алайдагы кадырбаркын жакшы түшүнүү менен, Ферганапын биринчи аскер губернатору, генерал М. Скобелев сый-урмат менен тосуп алган. Курманжан датка орус башкаруучулары менен мамиле түзүүдө акыл-эстүүлүктү жана кыраакылыкты көрсөткөн. Суйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө генерал Курманжан датканын акылына, кыраакылыгына жараша ага «Алай ханышасы » деп баа берген. Бул жолугушууда Курманжан орус бийликтерине багынгандыгын билдирип, балдарына да орус букаралыгын алуусуна көмөктөшүүгө мажбур болгон.
«Алай илимий-согуштук экспедициясы» 1875-1876-жж. Фергана өрөөнүн Россияга каратуу компаниясында олуттуу саясий согуштук мааниси бар этап болгон. Мунун натыйжасында 17,4 миң түтүн алайлыктар орус букаралыгына киргизилди. Алайда жаңы болуштуктары түзүлүп, Ош уездинин курамына кирген. Курманжан датканын уулдары жаңы түзүлгөн болуштуктарга болуш болуп калышкан. Ошеятип, Түштүк Кыргызстанды Россияга каратуу аяктаган.
Жыйынтыктап айтканда, Россиянын Фергана өрөөнүн басып алышы, ички (Кокон хандыгындагы эзүү) жана тышкы себептер (1868-1873-жж. орус-кытай, орус-кашкар келишимдери) менен шартталган; Россиянын Түштүк Кыргызстанды каратуусу өзүнүн кандуулугу менен айырмаланып, 1873-1876 жж. кучагына алган элдик кыймыл менен тыгыз байланышта өткөн; 1873-1876-жылдардагы элдик кыймыл адегенде (1873-1874-жж.) Кокон хандыгына каршы багытталып, экинчи баскычында анын социалдык курамы кеңейип, прогрессивдүү элдик-боштондук мүнөзгө өсүп чыккан. Бул кыймылда Искак Асан уулу Полот хан элдик баатыр жана мамлекеттик ишмер катары таанылган; Россиянын Кыргызстандын түштүгүн каратуусу тикеден-тике басып алуучулук мүнөздө өткөн. 1873-1876-жж. элдик кыймылдардын аякталышы жана Алай кыргыздарынын 1876-ж. аягында орус букаралыгын таануусу менен Түштүк Кыргызстан Россияга биротоло караган.
Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор