САЯСИЙ КЫЗЫКЧЫЛЫКТАР (лат. interest – мааниси бар, олуттуу) – социалдык субъекттердин (индивиддер, топтор, катмарлар, таптар) коомдун саясий турмушуна катышууга өздөрүнүн объективдүү мүмкүнчүлүктөрүн аңдап билүүсү; өздөрүнөн абалын турукташтыруу же жакшыртуу максатында ушул субъекттердин саясий-башкаруу ишмердигине карай идеалдуу умтулуусу. С. к. бир нече негиздери боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт: а) алып жүрүүчүлөрү боюнча: улуттук, этникалык, таптык, жамааттык; б) коомдук өнүгүүнүн агымдарына карата мамилелери боюнча: прогрессивдүү, реакциялык ж. б.; в) кызыкчылыктарды көрсөткөн органдары боюнча: мамлекеттик, партиялык, коомдук уюмдар жана бирикмелер; г) саясий багыттын мүнөзү боюнча: ашынган солчулдар, солчулцентристтер, центристтер, оңчулцентристтер, оңчулдар, ашынган оңчулдар; д) саясий режимдин мүнөзү боюнча: тоталитардык, авторитардык, демократтык ж. б. С. к-дын өзөгүн саясий бийлик маселеси түзөт.