УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШ УЧУРУНДАГЫ МАДАНИЯТ

Добавил | 27.07.2017

Кыргызстандан интеллигенттеринин ичинен 15736 адам согушка жөнөтүлүп, ар кайсы фронттордо душман менен салгылашышкан.

Тылдагы окумуштуулар мекенди коргоого зарыл согуштук-экономикалык милдеттерди чечүүнүн үстүндө эмгектенишкен. Согуш башталганда республикада 13 илим-изилдөө мекемелери иштеген. Аларда 323 илимий кызматкер эмгектенишкен. Анын 13 илимдин докторлору 45 илимдин кандидаттары болгон. Кыска мөөнөттүн ичинде эле алар өздөрүнүн иштерин фронттун керектөөлөрү үчүн жумшай башташкан. Эвакуацияланган окумуштуулардан эсебинен республиканын илимий кадрлары чындалган. Академиктер А. Бах, А. Борисяк, техника илимдеринин докторлору М. Келдыш, тарых илимдеринин доктору А. Бериштам, филология илимдеринин доктору К. Юдахин ж. б. келиши менен республиканын окумуштууларынын сапаты жогорулаган.

Кыргызстандын геологдору согуштук маанидеги кен байлыктарды изилдеп табууда көп иштерди аткарышкан. Алар 1941-1944-жж. 321 экспедиция уюштурушуп 110 түстүү металлдын, 71 көмүр, нефть, 8 металл кендерин аныкташкан. Натыйжада республикада 20 пайдалуу кендер ачылган. Кыргызстанда табылган сымап, сурьма, фольфрам ж. б. сейрек кездешүүчү кендер стратегиялык чоң мааниге ээ болгон.

Фрунзеге эвакуацияланган СССР Илимдер академиясынын биология бөлүмү, Кыргызстандын илим-изилдөө мекемелери менен бирдикте согуштук жана экономикалык маанидеги маанилүү изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. СССР ЭКСтин 1943-ж. 5-январдагы чечими боюнча СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын ачылышы республикада илим-изилдөө иштеринин өнүгушүнө чоң өбөлгө болгон. Филиал 1943-ж. 13-августа ачылып, анын председателдигине академик К. И. Скрябин, орун басарлыгына Ж. Шүкүров менен В. Масенко, окумуштуу катчылыгына П. Власенко шайланган. Филиалда 158 окумуштуу, анын ичинде СССР Илимдер академиясынын бир академиги, бир корреспондент мүчөсү, 12 илимдин доктору, 22 илимдин кандидаттары эмгектене баштаган.

Филиал өзүнүн бардык иштерин Кыргызстандын ресурстарын өлкөнү коргоо муктаждыктарына жумшоо багытында жүргүзгөн. Н. Сытый жетектеген химия институту жардыруу иштеринин жаңы ыкмасын иштеп чыккан. Коомдук илимдердин өкүлдөрү аскердик-патриоттуулук, Ата Мекенди коргоо, пролетардык интернационализм, согуштун маңызы, мааниси боюнча изилдөөлөрдү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. 1944-ж. К. Юдахиндин редакциясы менен 40 миң сөздөн турган биринчи «Орусча-кыргызча сөздүк» басылып чыккан. «Манас» эпосун чогултуу жана изилдөө боюнча иштер улантылган.

Фашисттик баскынчыларга каршы согушта адабият менен искусство маанилүү идеялык курал болгон. Кыргызстан Жазуучулар союзунун Т.Үмөталиев, М. Элебаев, Ж. Ашубаев, Н. Чекменов, Я. Шиваза, Ж. Турусбеков, У. Абдукаимов ж. б. көптөгөн мүчөлөрү фронтко аттанышкан. Алардын айрымдары аскердик бөлүктөрдө саясий жетекчи, басма сөздүн адабий кызматкерлери болуп иштешкен. Советтик патриотизм, Ата Мекенди коргоо, жоокерлердин эрдиктери, тылдагы эмгекчилердин каарман эмгеги Кыргыз жазуучуларынын ошол учурдагы негизги темалары болуп калган. А. Токомбаевдин «Ашырбай», Т. Үмөталиевдин фронтто жүрүп жазган «Үч баатыр жөнүндө ыр», «Кубат», К. Жантөшевдин «Чолпонбай», А. Осмоновдун «Ант», К. Маликовдун «Менин Кавказым» поэмалары Т.Сыдыкбековдун «Артиллеристтер» ж. б. чыгармалары элди туруктуулукка, жаңы эрдиктерге чакырып, жеңиштин камсыз болоруна ишендирген.

Кыргызстандын артисттери согуштун алгачкы айларынан эле өздөрүнүн эмгектери менен жеңишке салым кошууга аракеттенишкен. Кыргызстандык артисттердин бригадалары 1941-ж. июлунан 1942-ж. 1-апрелине чейин фронттогу жоокерлерге, аскерге жөнөтүүчү пункуттарда, госпиталдарда 763 концерт коюшкан. 1941-ж. ноябрда Улуу Ата Мекендик согушка арналган «Патриоттор» аттуу кыргыз операсынын биринчи премьерасы болгон. Музыкалык театрдын артисттеринин жетишкендиктери эске алынып, 1942-ж. 17-августта бул театр Кыргыз Мамлекеттик опера жана балет театры болуп кайрадан түзүлгөн. Театрда 1942-ж. ноябрда «Көкүл», бир жылдан кийин декабрда «Ким кантти?» опералары, 1944-ж. «Чолпон» балети коюлган. Согуш аяктаганга чейин бул театрдын артисттери жоокерлердин, тылдагы эмгекчилердин алдында 750 концерт беришкен.

Фронт менен тылдын байланышын чыңдоодо Кыргыз искусствосунун өнөрпоздорунун фронтторго уюштурган гастролдору маанилүү роль ойногон. 1942-ж. 7 концерттик-театралдык бригада уюштурулуп, 1944-ж. чейин алар фронггогу жоокерлердин алдында 2500 концерт беришкен.

1941-ж. июлда Кыргыз драма театры уюштурулуп, согуш жылдарында өнүккөн. 1942-ж. октябрда анда А. Токомбаевдин Ата Мекендик согушка арналган «Ант» деген пьесасы коюлган. 1943-ж. опера жана балет театрынын драмалык бөлүмү Кыргыз Мамлекеттик драма театры болуп бөлүнүп чыккан. 1944-ж. январда анда «Курманбек» пьесасы коюлган. Кийинки жылдары бул театрда «Орус адамдары», «Фронт», «Полководец Суворов», «Текшерүүчү», «Король Лир» пьесалары коюлган.

Согуш жылдары Кыргызстандын көркөм сүрөт өнөрү да өскөн. С. Чуйковдун «Ата Мекен үчүн», «Чолнонбайдын портрети», А. Игнатовдун «Фронтко узатуу», «Эне менен жолугушуу», «Фронттон келген конок», Г. Айтиевдин «Фронттон кат», И. Гальченконун «БЧК курулушунда», «Жайлоодо», Л. Ильинанын «Кызылча отоо», С. Акылбековдун «Колхоз кароолчусу» ж. б. чыгармалары согуш мезгилиндеги элдин турмушун чагылдырган. Ошентип, республиканын адабияты менен искусствосу элдик жецишке өздөрүнүн салымдарын кошуу менен чыгармачылыктын жаңы баскычтарына көтөрүлгөн.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор