ТОГОЛОК МОЛДО (өз аты-жөнү – Байымбет Абдрахманов; 1860, Нарын өрөөнү, Куртка деген жер, азыркы Акталаа р-ну – 1942, ошол эле жер) – жазма акын, манасчы. Байымбет 14 жашка чейин атасынын тар-биясында өсүп, айткан жомокторун, ырларын үйрөнгөн. Атасы дүйнөдөн кайткандан кийин аталаш чоң абасы атактуу Музооке ырчынын тарбиясында жүрүп эр жеткен. Молдодон кат тааныган. Эл дарылап, бала окуткан. Низами, Навои, Фирдоуси, Хафиз, Абай ж. б. акындардын чыг. м-н таанышкан. Ырды 14 жашында жаза баштаган. Жигит курагында кө-бүнчө сүйүү темасындагы «Кара көз», «Толгонай», «Жигиттин кызга ырдаганы» дегендей ырлар, «Үрпүкан» аттуу поэма жараткан. Бул чыгармаларында кыргыз кыздарын уяң болбой эски үрп-адатты жоюп, өз укугуна жетүүгө үндөйт, сүйгөнүнө карата жүрөктөгү чын сырын айтат. 18 жашында Тыныбек жомокчудан «Манасты» үйрөнгөн. Т. М-нун чыгармачылыгы көп кырдуу, тематикага бай. Ал кыргыздын оозеки чыгармаларын, мифтик түшүнүк-төрүн, ишенимдерин, ага карата чыгарган ырларын көп билген. Кыргыздын «Шырдакбек», «Жаңыл Мырза», «Мендирман» сыяктуу дастандарын да айткан, аларды жазып академияга тапшырган. «Манасты», «Семетейди» да айткан, өзүнүн вариан-тын кагазга түшүргөн. Ал КР УИАнын кол жазмалар фондунда сакталып турат. Кыргыз элинин тарыхын үйрөнүүгө көп көңүл бөлүп, кыйла жерди кыдырып санжыра жазган. Т. М. тамсил жанрында көп чыгармалар жараткан: «Бөрү менен түлкү», «Бөдөнөнүн түлкүнү алдаганы», «Каркыра менен түлкү», «Эшек менен булбул», «Иттин доолдай тиктирем дегени», «Уй музоосунан сыр сураганы», «Куба кой менен ээси», «Суу куну менен боз кушу» ж. б. тамсилдеринин баарында тең Түлкүдөй куулар, Бөрүдөй алаңгазар зөөкүрлөр, Эшектей макоо бийлер, Кырчындай жырткыч бийлөөчүлөр ж. б. терс көрүнүштөрдү сындайт. Булбул тилдүү акындардын талантына баа берилбегенине, Каркырадай, Куба койдой момундардын өткөн заманда кор болуп, зулумдардан катуу эзилгенине өкүнгөнүн билдирет. Т. М-нун тамсилдери – кыргыз жазма адабиятындагы тамсил жанрын түптөнткөн чыгармалардан. 1888-ж. Кетментөбөдө Токтогулга жолуккан, байланышта болушкан. Т. М. Улуу Октябрь революциясынын жеңишине шыктанып, көп ырлар, учурунда калкка кол жазма бойдон тараган «Өзгөрүш» (1918), «Насыят» (1925), «Эркиндик» (1919–23), «Аткантаң менен Сүйгөн-бай», «Кедейлерге насыят» деген поэмаларды жараткан. 1939-ж. кыргыз искусствосунун Москвада өткөн декадасына катышып, андан алган таасирлерин «Бактылуумун», «Жыргадым», «Сырым» деген ырларында айткан. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги чыг-нда согуш элге бүлгүнчүлүк алып келгендигине кейийт, элди ынтымакка, душманга катуу сокку урууга чакырып, душман акыры жеңилет деген ишенимди билдирет. Анын чыг. 1925-ждан баштап басылып чыга баштаган. Көп чыг. башка тилдерге которулган. 1940-ж. Т. М-нун 80 ж-дык, 1960-ж. 100 ж-дык юбилейлери өткөрүлгөн. Акындын ысымы м-н Кыргызстанда айрым айыл, мектептер, көчөлөр аталат. Бишкек ш-нда эстелик орнотулган. «Ардак Белгиси» ордени м-н сыйланган. Чыгармаларынан орусча 220 которулгандары бар. Анын чыгармачылыгы б-ча ил., адабий изилдөө иштери жазылган. Ал ж-дө Ш. Бейшеналиев «Болот калем» аттуу роман жазган.