СОЦИАЛДЫК МАМИЛЕЛЕР

Добавил | 17.06.2022

СОЦИАЛДЫК МАМИЛЕЛЕР – өндүрүштө жана коомдогу башка чөйрөлөрдө ар түрдүү абалга ээ, эмгектин мүнөзү,  профессионалдык даярдыгы, улутка таандык болушу, жашоо жол-жобосу, статусу кирешелердин деңгээли жана  булактары боюнча айырмаланган түрдүүчө функцияларды аткарган адамдардын социалдык топторунун ортосундагы көп  түрдүү өз ара байланыштардын системасы. Таптар, социалдык топтор жана катмарлар, этностук биримдиктер – С. м-дин  негизги субъекттери болуп саналат. Алардын жыйындысы коомдун социалдык структурасын түзөт. Алардын социалдык  иерархияда алган орду барыдан мурда өндүрүш каражаттарына карата мамилеси, эмгектин коомдук уюшулушундагы  ролу менен аныкталат. С. м-дин өнүгүүсүнүн, өзгөрүшүнүн, татаалданышынын объективдүү негизи болуп өндүрүш  күчтөрүнүн өнүгүүсүнүн зарылчылыгы, коомдогу, анын руханий турмушундагы түп-тамырынан берки экономикалык  жана саясий кайра түзүүлөр саналат. Алардын деңгээли жана багыты С. м-дин динамикасынын мүнөзүн жана багытын  аныктайт. Бул объективдүү процесстерге активдүү түрдө саясий бийлик кийлигишет. Ал коомдук прогресстин  зарылчылыктарын эске алуу менен С. м-дин өнүгүүсүнө жардам берет. Же аларга карата пассивдүү болушу жана  алардын табигый кыймылынын жүрүшүнө тоскоолдук түзүшү да мүмкүн. Ар бир коомдогу С. м. татаал структураны  берет. Анын өнүгүшү социалдык биримдиктердин түрдүү мүмкүнчүлүктөрүн, алардын жашоо ишмердүүлүгүнүн  шарттарын, бирдей эмес статустарын чагылдырат да, объективдүү түрдө социалдык карама-каршылыктарды пайда  кылат. Социалдык катмарлар менен топтордун түпкү кызыкчылыктарынын толук же бөлүгү менен дал келишинде  алардын ортосундагы карама-каршылыктардын бирден бир кызыкчылыгын эсепке алуу менен чечилиш  мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошону менен С. м. кызматташтык, өз ара жардам берүү, союздун формасын кабыл алат.  Социалдык топтордун түпкү кызыкчылыктарынын дал келбөөсү же кагылышуусу алардын ортосундагы карамакаршылыктардын курчуп, антогонисттик мүнөзгө ээ болушуна, кастык мамилелердин орношуна алып келет. Мындай  мамилелер катаал конфронтация, түрдүү конфликт, социалдык жарылууларга алып келүү коркунучун туудурат. КМШ  өлкөлөрүндө жүрүп жаткан демократтык кайра куруулар бардык социалдык топтордун жана катмарлардын  кызыкчылыгын коргоп, С. м-нин жаңы субъекттерин – ишкерлер, арендаторлор, фермерлер, банкирлер ж. б. пайда  кылды. Бул процесстер социалдык-экономикалык, саясий кризис шарттарында жайылууда. С. м-дин мүнөзү айрыкча  социалдык-таптык жана улут аралык мамилелердин курчушуна байланыштуу олуттуу өзгөрдү. Мурдагы СССРдин  аймагында бир катар региондордо алар коом үчүн коркунучтуу конфликттер менен коштолууда. Бул шарттарда  эффективдүү экономикалык реформалар жана калктын бардык катмарларын социалдык коргоонун кубаттуу системасы  бар рынок экономикасынын бекитилишин; С. м-дин прогресси үчүн укуктук негизди, коомдун жана анын мүчөлөрүнүн  кызыкчылыктарынын эсепке алуу менен аларды тескөө механизмин түзүү зарыл.