СОЦИАЛДЫК СТРАТИФИКАЦИЯ (лат. stratum – катмар, facio – жасаймын) – бүгүнкү күндөгү социологиянын борбордук багыттарынын бири; коомдогу социалдык структураны жана теңсиздиктин өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн издеп, таап жана түшүндүрүүнү алдына милдет кылып коет. Ар бир коом үчүн абалдары кандайдыр-бир анык белгилер боюнча айырмаланган, кандайдыр-бир деңдээлде калыптанган катмарлардын, топтордун, индивиддердин жиктелүүсүнүн болушу мүнөздүү. Эң ирисинен майда структурасына чейинки универсалдык сүрөтүн түзүүгө багытталган. С. с. жөнүндөгү илим социалдык түзүлүштүрдүн ушул касиетин пайдаланууга умтулат. С. с. теориясынын чегинде страт деп түрдүү критерийлер менен, мис., экономикалык, улуттук, жыныстык же жаштык принциби, кесиптик тиешелүүлүгү же билими боюнча бөлүнүп чыккан таптан кичине катмарга, топко же маргиналдуу топко чейинки социалдык түзүлүш түшүндүрүлөт. Стратификациялардын жана алардын бөлүп чыгаруучу параметрлердин саны практикалык түрдө чексиз. Бирок алардын коомдун жашоосундагы чыныгы маанилүүлүгү бирдей эмес. Байлык, кадырбарк жана бийлик иерархиясын түзүүчү таптарга, катмарларга коомдун бүлүнүү фактысы адаттагыдай эле өзүнө илимий ойдун көңүлүн бурдуруп, бирдей эмес чечимдерге алып келген. Ошондуктан бүгүнкү күндөгү социология жана саясат таануу С. с-ны ар тараптуу изилдөөнүн зарылчылыгынан улам келип чыгат. Анда социалдык жиктелүүнүн бардык маанилүү белгилеринин бардыгы камтылышы керек. Бул же тигил белгилердин маанилүүлүгү изилдөөчүнүн жалпы позициясы, берилген фактордун коомдун жашоосундагы жана өнүгүүсүндөгү ролуна берген баасы менен аныкталат. С. с. экономикалык, социалдык, биологиялык ж. б. багыттары боюнча изилдөөлөрдүн багыттоолорунун артыкчылыгынын болушу ушуну менен байланышкан. Окумуштуулардын көпчүлүгү С. с. теориясынын төмөнкү негизги параметрлерин: бийлик, байлык, билим, диний же улуттук тиешелүүлүк, үй-бүлө, этностук топтогу позициясын бөлүп чыгарышкан. Өткөндү жана бүгүнкү күндө социалдык структураларды өзгөртүү тенденцияларын орнотууга мүмкүндүк бергендиктен берилген параметрлер өзгөчө мааниге ээ. Ошол эле учурда кайсы-бир белги боюнча С. с. жүргүзүү мүмкүнчүлүгү позитивдүү илимий натыйжаларды берүүсү мүмкүн. С. с-нын маселелерин иштеп чыгуунун жүрүшүндө өзгөчө мааниге социалдык кубулуштарды классификациялоонун негизинде кандай критерий (критерийлер) болушу керек деген суроо ээ. Азыркы учурда жумушчулардын көпчүлүгү пайдалуу классификациялоону бир критерий же белгинин базасында түзүүнүн мүмкүн эместигинде токтолушууда. Себеби, бир белги же критерий бардык суроо-талапка жооп бере албайт. Бул маселени параметрлер системасын түзүү жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгү болууда.