СТАТУС

Добавил | 17.06.2022

СТАТУС – катмардын, топтун же индивиддин социалдык системадагы абалынын комплекстүү көрсөткүчү, социалдыкстратификациянын маанилүү параметрлеринин бири. С-тун негизги компоненттери катары: биринчиден, берилген  социалдык элементтин коомдогу позициясы анын объективдүү мүнөздөмөсүнүн (теги, жынысы, жашы, билими ж. б.)  улам келип чыгат; экинчиден, коомдун берилген позициянын орду, ролу жана мааниси жөнүндөгү элеси эсептелет.  Ушуга ылайык С. ардак, урмат, кадыр-барк сыяктуу категорияларда аныкталат, ал эми анын жоголушу жогорку  касиеттердин жоктугун билдирет. Аны М. Вебер индивиддердин позициялардын барктуулугу, алардын коом тарабынан  позитивдүү (оң) же негативдүү (терс) бааланышы деп түшүнгөн. Ушундан улам С. коомдогу топтордун жана  индивиддердин мамилелерин аларга белгилүү жүрүм-турум нормаларын, белгилерин жана мүнөздүү Өзгөчөлүктөрүн  бекитүү жолу менен тескөө механизми катары маанилүү ролу келип чыгат. Бул болсо кадыр-барктын белгилүү  иерархиясы жөнүндө сөз кылууга мүмкүндүк берет. Коомдук мамилелердин убакыт өткөн сайын өзгөрүп туруучу ар  түрдүү статустук топторго бөлүгүшү коомдун жиктелишин изилдөөгө жол ачат. Статустук топтордун ортосунда  конфликт ар бир топтун өзүнүн С-ун коргоого жана жогорулатуу үчүн объективдүү умтулуусунан улам келип чыгат. Ал  эми С-ту коргоо жана аны жогорулатуу башка топтордун жана индивиддердин ар дайым басып алуусу менен оорчулукту  туудуруда. Ар бир индивид ар түрдүү ишмердүүлүктүн чөйрөсүндө башка индивиддер менен мамиле түзгөндүктөн, бир  эмес, көп сандагы С-ка ээ. Анын ар бири индивиддин өзгөчө статустук топко тиешелүүлүгүн аныктайт. Андан тышкары,  бир эле индивид түрдүү параметрлер боюнча дал келбөөчү же карама-каршы кызыкчылыктуу статустук топторго  тиешелүү болуп калуусу да мүмкүн. Бул болсо анын алдында тандоо проблемасын коет. Чынында социалдык  стратификация системасындагы орду жана белгилүү функцияларды так аткаруусу берилген индивидге белгилүү С-ту  бекитүүнү камсыз кылат. Индивиддин С-у менен алар ойногон социалдык ролдун ортосунда тыгыз байланыш бар.