БАШКЫР, БАШКОРТОСТАН КЫРГЫЗДАРЫ.

Добавил | 17.06.2022

Бүгүнкү башкырлардын курамындагы кыргыздар Башкортостандын түндүк-батыш ж-а чыгыш аймактарында 9–10-к. жашап келишүүдө. Башкортстандын батыш аймагындагы кыргыздар 9–10-к. кыпчак толкуну м-н (Сырдарыя аркылуу журт которуп келген байыркы башкыр уруулары), ал эми чыгыш бөлүгүндөгү кыргыздар 16–17-к. Енисейден журт которуп келген «кыргыз» этнокомпоненттери экендигин изил-дөөчүлөр белгилешкен. Кыргыз этнонимдери бүгүнкү башкырлардын курамында табын, кудей, миң урууларынын курамында кездешет. Табын этнониминин удаалаштары (параллелдери) хакастардын жана фуйу кыргыздарынын (хакастарда – табхын, фуйу кыргыздарында – табындар) курамдарынан кездешет. Кыргыз уругу кирген кудейлер-дин бүгүнкү кыргыздарда кудайлат (басыз уруусу) аттуу удаалашы бар. Худалат Хакасияда топонимикалык аталыш катары да маалым. Санжыра б-ча башкырлардагы кадыкей, танкей кыргыз уруктары өздөрүнүн баштапкы мекени катары Сибирь аймагын, теги жагынан Чыңгыз ханды, түпкү бабаларынан Төнөк бийди аташат. Алардын этногенезисинде Мөңгүсуг (Минусин) чөлкөмү өзгөчө орунду ээлери шексиз. Моңгол баскынчылыгына чейин башкырлар 12 уруудан турган бирикмени түзүшүп, алардын жетөө мурдагы Уфа провинциясында, Ика дарыясынан батышка карай болярлар, Ика ж-а Деме дарыяларынын жогорку агымдарында кыргыздар турушкан. П. И. Рычковдун «Топография Оренбургская» аттуу эмгегинде (1730) кыргыздар өз алдынча 4 уруудан турган эл катары чагылдырылат. 19-к-да Башкортостандагы кыргыздар өздөрүнүн бирдиктүү жашоосун уланта беришкен.