ИБН СИНА Абу Хусейин ибн Абдаллах, Авиценна (980, Бухара ш-на жакын жердеги Афшин кыштагы–1037) – Чыгыштын даанышман илимпозу; дарыгер, философ, акын, астроном. Анын «Шыпаа китеби» 11-к-да эле латын тилине которулуп, европалык окуу жайларында мед. б-ча колдонулуучу жападан жалгыз китеп болгон. И.С. байыркы улуу дарыгер, медицинанын атасы деп саналган Гиппократты өз устатым деп атаган. Бирок анын окуусуна көп өз-гөртүүлөрдү киргизген. Мис., Гиппократ айрым ооруларды: суу чечек, кызылча же балдардын кызамыгы, котонжара, өпкөнүн сезгениши, боор оорусу ж.б. айыктыруунун так жолдорун айта алган эмес, ал эми И.С. Гиппократтын жогоруда аталган оорулар б-ча окуусун толуктаган. Анын «Дарыгерлик илимдин канону» деген эмгеги латынча 30дай ирет, ал эми орус тилинде 5 том, 6 китеп болуп алгачкы жолу 1956–60-ж. басылып чыккан. 1-китебинде мед. ил-нин теориялык маселелери каралып, ал китеп төрт бөлүктөн – киришүү, анатомия, физиология, ооруунун белгилери же симптоматология, диета, оорунун алдын алуу же профилактика ж-а жалпы терапия бөлүмдөрүнөн турат. 2-китеп адам баласы ооруган мезгилде колдонуучу дары-дармектер, аларды даярдоонун жолдору, кайсы учурда кандайча жол м-н ал дарыларды пайдалануу керек экендигин көрсөтүүчү суроолорго арналган. 3-китеби мед. патология ж-а терапия маселелерине арналып, плеврит, пневмония, дизентерия, о.эле көздүн сезгениши, кулак-мурундун, тамактын, ооз көңдөй оорулары ж.б. изилденген. Ал эми 4-китебинде хирургия ж-а косметиканын орчундуу маселелери изилденип, семирип кетүүдөн сактоонун ж-а өтө арыктап кетүүдөн дарылоонун жолдору айтылган. 5- китебинде дары-дармекти жасап чыгаруу, аларды колдонуу жолдору жазылган. Анын «Уржуза» дастанында дарыгер ж-а анын ооруларды кандайча сакайткандыгы тууралуу айтылган. Чыгыш поэзиясында И.С. жаңы жанр, жаңы форманы жаратып, ырларын төрт сап, б.а. рубаи түрүндө жазган.