ЭЭМди түрдүү предметти окутууда, билимди текшерүүдө, консультация ж-а маалымат берүүдө; окуучуга жекече мамиле кылуу м-н убакытты кыскартууда ж-а окутуунун сапатын көтөрүүдө; окуу программасын иштеп чыгууда программалоонун алгоритмдик тилдерине салыштырмалуу убакытты 5 эсе кыскартууда; группалардын ж-а ар бир окуучунун окуу ишмердиги тууралуу жыйындарды уюштурууда ж-а статистикалык маалыматтарды эсептөөдө колдонулат; Ага төмөндөгүдөй талаптар коюлат: ал адаптацияланган, б. а. окуу процессинин конкреттүү керектөөсүнө ылайыкташтырылган болуусу, түрдүү окуу процессине карата универсалдуу келип, аны педагогикалык изилдөөлөрдө ж- а эксперименттерде колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек, о. эле ал окуу программаларын ж-а материалдарды дифференциациялоо ж-а кеңейтүү касиеттерине да ээ болуусу зарыл.
Кеңири тараган АОСко төмөндөгүлөр кирет: «АОС ВУЗ» (ЭВМ ЕС үчүн), «Школьница», «Рига», «Радуга» (түрдүү типтеги персоналдык ЭЭМ үчүн). Мис., академик А. П. Ершовдун жетектөөсү астында иштелип чыккан «Школьница» АОС окуучуларды ЭЭМдин мүмкүнчүлүктөрү м-н тааныштырууга, программалоо ыктарын калыптандырууга, окуу процесстерин башкарууну уюштурууга, окуучулардын билимдерин автоматташтырылган контролдоону уюштурууга, математикалык, физикалык ж.б. маселелердин чыгарылышын камсыздоого, машыгуу көнүгүүлөрүн өткөрүүгө, физикалык ж. б. процесстердин ж-а кубулуштардын моделдөө ж-а имитация программасын колдонууга, оюн кырдаалынын негизинде маалымат кызыкчылыгын өстүрүүгө, ЭЭМди информациялык камсыздоо системасы катары колдонууга, ЭЭМди физикалык процесстердин ж-а кубулуштардын демонстрациясы үчүн колдонууга мүмкүнчүлүк берет. 43 Системанын киришүү тили болуп окуучуларга «Информатиканын негиздери жана эсептөө техникасы» окуу китебинен тааныш окуу-өндүрүштүк «Рапира» тили жана о. эле графиктерди чийүүгө, сүрөттөлүштү экранга чагылдырууга, мультфильм түзүүгө мүмкүн болгон «Шпага» графикалык пакети саналат. Башталгыч класстын окуучуларын окутуу үчүн Робик тили колдонулат.