АЛДАР КӨСӨӨ – кыска аңгеме, уламыш, жөө жомок жүзүндө айтылып, фольклор б-ча Жаныбек хандын заманында жашап, Асан Кайгы, Жээренче Чечендердин замандашы делет. Айрым окуялары мазмундук окшоштукта казак, каракалмак, түркмөндөрдө да айтылат. Бирок анын тарыхый адам экендигин далилдей турган эч кандай маалымат жок.
Чыгарманын окуялары ар түрдүү, калктын турмушундагы ар кандай кезеңдерди, учурларды камтыган. Ошондуктан чыгармалар окуянын туундусу катарында баалоо реалдуу. Бардык элдердин фольклорунда А. К. ач көз, сараң байларды, соодагер-көпөстөрдү күлкүгө алып, карапайым адамдардын кызыкчылыгын коргогон калктын өкүлү катарында мүнөздөлөт. Көпчүлүк учурда окуялары кыска аңгемелерден турса, («Жээренче Чечен жана Алдар Көсөө”, «Алдар Көсөө жана Мазир”), айрым учурда жөө жомоктун деңгээлине түп жеткен учурлары да орун алган. («Чык татырбас Чынарбай”, «Алдар Көсөө менен шайтан”, «Көсөө”). «Алдар Көсөөнүн шайтанды алдаганы” кыргыз фольклорунан да катталып, азыркы абалында да казак, түркмөн чыгармасы м-н окуялык жалпылыкты сактап, анда шайтанды алдаган Алдар Көсөөнүн айла-амалы, куулук-шумдугу мазмундук окшоштукта баяндалат. Алдар Көсөөнүн айрым окуяларынын казак, кыргыз, каракалпак, түркмөн элдеринде жалпылыкта айтылышы, биринчиден, алардын турмуш-тиричилик жашоо жагдайынын окшоштугу м-н түшүндүрүлсө, экинчиден, тарыхынын бир кезинде жогорку элдердин этникалык негизин түзгөн уруулук бирикмелердин ортосунда духовный байланыш карым-катыш болгон деген ой туудурат. Өсүш процессинде чыгармадагы окуялар мыйзамдуу түрдө алымча-кошумчага учураган, жаңы окуялар м-н толукталып, айрымдары умтулууга баш койгон ж-а ар бир элдин жашоо-тиричилик өзгөчөлүгүнө кесипчилигине байланыштуу мазмундун катмарлануу, окуянын трансформацияланышы жүргөн. Байкоого караганда бир канча окуялары бир мазмунга бириктирилип, бир бүтүн чыгарма түзүлгөн. Ал окуялар төмөнкүлөр. Алардын тоодон түшө элек, соода-сатыктын жайын биле элек байдын баласынан койлорун алдап алып жолго салчы, Чынарбайдын үйүнө барып, бай, байбиче казанда бышып жаткан этин чыгарып катып алып, аларды акча калтырышы, байды кемпири м-н алдап, кызы Шибегени жетелеп жолго түшүшү, А. К-нүн карышкырды алдап колго түшүрүшү, аны капка салып көтөрүп алып, Көчпөсбай аттуу зыкым байга барып, асмандан түшкөн касиеттүү ак кочкор деп” 500 койго сатып кетиши, ары зыкым, ары акылсыз, ач көз бай кой тукумун көбөйтмөккө карышкырды кой короого кошо киргизип коюп, бүтүндөй коюн кырдырышы кызыктуу окуялардын түрмөгүн түзөт. Баарынан да А. К-дөн өч алмакка издеп барган Көчпөсбайдын анын кызы деп, байдын кемпирин билип, кыз кийимин кийип отуруп калган өзүн алып кетип, анын колунан ажал табышы, дагы да байдын кызын жетелеп жолго түшүшү таң калыштуу окуяны түзөт. А. К. – эл кыялынын туундусу. Адам эмгегин жеген зулумдардан, кайрымсыз ач көз сараң байлардан, каардуу хандан, уруу-кескиден өч алууну эңсөө калктын эзелтен көксөгөн ый-тилеги мүдөөсү болгон. Ал А. К-нүн кылган иштеринде, айла-амалында жүзөгө ашкан.
Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.
БИШКЕК – 2004. МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ