Tag Archives: Абдукаимов

УЗАКБАЙ АБДУКАИМОВ

Абдукаимов биринчи адабий тажрыйбаларын кыргыз совет адабиятынын алгачкы мууну менен тең чамалаш эле баштаган. Маселен, жаш автор 1928—1929-жылдарда «Жаңы маданият жолунда» деген журналда «Таң атканда» (№ 6—7), «Бакты жолунда» (№2 8—9 аңгемелерин жарыялайт. Анын үстүнө У. Абдукаимов көркөм адабий ишмерликке 1922—1925-жылдарда Ташкендеги Казак-кыргыз агартуу институтунда, кийин Фрунзедеги педтехникумда окуп, билим жагынан да бир кыйла даярдык менен киришкен. Анткен менен ал… Кененирээк »

УЗАКБАЙ АБДУКАИМОВДУН «МАЙДАН» РОМАНЫ

Узакбай Абдукаимовдун бул «Майдан” романынын 1-бөлүгү  1961-ж. жана  2-бөлүгү  1966-ж. чыккан. Жазуучунун өмүр аягында жараткан адабий керээзи, бүткүл жашоосундагы чыгармачыл изденүүлөрүнүн жыйынтыгы. «Майдан”  –  көп аспектүү, көп пландуу Ата Мекендик согуш темасына арналган роман. Мындай сапат окуянын географиялык чөйрөсүнүн масштабдуулугуна, каармандардын көп сандуулугуна гана эмес, ал баарынан мурда адам турмушунун концепциясын, адамдын жан дүйнөсүн ачууга негизделген. У. Абдукаимовдун баяндоосунда колхозчунун жана  интелегенттин, солдаттын жана  генералдын,… Кененирээк »