Tag Archives: Айтматов

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

Жазуучунун «Жамийла» повестинен «Кыямат» романына чейинки чыгармачылыгында «Манас» эпосунун стихиясы каармандардын мүнөзү, ички дүйнөсүн сүрөттөөдө, гуманисттик, философиялык ой айтууда, адеп-ахлактык проблемаларды козгоодо кызыл сызык сымал чыгармалардын «жүлүнүнөн» өтүп тургандыгы байкалат. А. «Манас» баштаган элдик оозеки чыгармачылыктын алтын казынасына кайрылуунун, аны иштеп чыгуунун үлгүсүн өз чыгармачылык тажрыйбасында бүткүл дүйнө адабиятына көрсөткөн. А-дун эпосту пропагандалоо багыты ар түрдүү. Ал «Манас» эпосу… Кененирээк »

Ч.АЙТМАТОВДУН «КАССАНДРА ТАМГАСЫ» РОМАНЫ ТУУРАЛУУ

Чыңгыз Айтматовдун «Кассандра тамгасы» романындагы көтөрүлгөн глобалдык проблемаларды жан дүйнөм менен кабылдап, ойдон ойго чөмүлүп, Жер менен Космостун чексиз мейкиндигинде жан-алакетке түшүп жатканда негедир элибиздин ой менен сөздүн эң бийик, ыйык синтезин көрсөткөн ташка тамга баскандай элестүү да, көркөмдүү да, маанилүү да терең асыл касиет — кереметтерди камтыган өмүр менен өлүмгө, адам жана коомго байланыштуу нечендеген макал-лакаптарын айласыз… Кененирээк »

Чыңгыз Айтматов «КАССАНДРА ТАМГАСЫ»

Бул сапар да баягыдай иш айтылган Сөздөн, Сөздүн өзүнөн башталды. Ооба, баягы качандыр бир болуп кеткен дүйнөгө маалым түбөлүктүү сюжеттегидей болду. Анан кийинки окуялардын бардыгы ошол айтылган Сөздөн келип чыкпадыбы… Антсе да бул күтүүсүз жагдайга биринчи кабылган адамдардын көпчүлүгү кийин жүрүп дал ошол окуяны өмүрүндөгү эң укмуштуу окуя катары мемуарларында жазышарын эч качан ойлошкон эмес. Анан калса бир… Кененирээк »

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН «ГҮЛСАРАТ» ПОВЕСТИ

«ГҮЛСАРАТ” Ч. Айтматовдун бул повести биринчи жолу 1966-ж. орус тилинде «Новый мир” журналында (№ 3 санына) жарык көргөн. «Гүлсарат”  –  социалдык планда өтө  курч жазылган чыгарма. Жазуучу бул повести туурасында мындай деген: «Гүлсарат” бир чети эң  чоң  чыг-чылык канагат  алып келсе, бир чети аябагандай көркөм машакат да чектирди десем болоор. Бул повестте мен мурунку чыгармаларымда козголбогон башкача ойлорду айткым келди. Бул повестте азыркы мезгилдеги… Кененирээк »

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН «ЖАМИЙЛА» ПОВЕСТИ

«ЖАМИЙЛА” –  Ч. Айтматовдун атын алгач алыска тааныткан повести (1958). Повесть алгач «Обон” деп аталып, кыргызча ушул ат м-н жарык көргөн. Орус тилинде «Новый мир” журналына (1958, № 8) «Жамийла” деген ат м-н жарык көрүп, дүйнө элдеринин тилдерине ушул ат м-н белгилүү болгон. Чыгармадагы окуянын лирика-романтикалык маанайда баяндалышынан улам повестти адабиятчылар «кара сөздөгү поэзия же прозадагы ыр” деп да… Кененирээк »

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН «КЫЛЫМ КАРЫТАР БИР КҮН» РОМАНЫ

«КЫЛЫМ КАРЫТАР БИР КҮН”  (1980)  –  роман. СССР Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Ч. Айтматовдун бул романы  өзүнүн идеялык-тематикалык багыты, сюжеттик-композициялык түзүлүшү  боюнча  «Гүлсарат” повестине жакын. Танабай Гүлсары жорго менен акыркы сапарда баратып, күнү бүтүп, суусу түгөнгөн эсил жоргонун башында отуруп өткөн күндөрдү  эскерүүсү  аркылуу сюжеттик окуялар ретроспективдүү  планда  өнүктүрүлсө, «Кылым карытар бир күн” романында да көпчүлүк окуя Бороонду бекеттин темир жол жумушчусу Казангаптын кайтыш болгон саатынан аны жайына… Кененирээк »

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН «КЫЯМАТ» РОМАНЫ

«КЫЯМАТ” –  (1986) Ч.  Айтматовдун адабий чөйрөдө  карама-каршылыктуу кызуу талаш-тартыштарды жараткан романы. Чыгарманын аталышы жөнүндө  автор мындай дейт: «Эмне  үчүн «Плаха” деп аталды. Менимче, ал романдын мазмунунан келип чыкты го деп ойлойм. Баталга  –  бул баш алынчу секи же мыйзам окулчу дөбө  гана эмес. Адам  өз өмүрүндө эртеби-кечпи баталгага туш келет. Ал кезде баталгага чыгып барган болот, албетте ал ажалдан тыш, аман-соо эле калат, а кээде чыкпай… Кененирээк »

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

АЙТМАТОВ  ЧЫҢГЫЗ (1928, Карабуура р-ну)  –  жазуучу. Кыргыз эл жазуучусу (1968), Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты (1979), КРУИАсынын анык мүчөсү (1974). Соц. Эмгек Баатыры (1978), Лениндик (1963) ж-а СССР мамл. сыйл. лауреаты (1968, 1977, 1983), Европа Илимдер, иск-во ж-а адабият академиясынын анык мүчөсү  (Париж, 1983), Бүткүл дүйнөлүк Илим ж-а иск-во академиясынын академиги (Стокгольм, 1987), «Ысыккөл форумунун” президенти, Австрия, Австралия, Америка, Индия, Италия, Түркия, Япония ж. б.  өлкөлөрдүн… Кененирээк »

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

Чыңгыз Айтматов — азыркы доордун көркөм сөз чеберлеринин ири өкүлү, саясий турмушка активдүү аралашкан ишмер. Анын калеминен жаралган прозалык, публицистикалык жана драмалык чыгармалар кыргыз адабиятынын ургаалдуу өнүгүшүнүн кийинки бийиктиктерин белгилейт. Анын адабиятка болгон йшкысы 50-жылдарда Бишкектеги айылчарба институтунда окуп жүргөндө эле ойгонуп, мазмуну жана формасы жагынан да айырмаланган бир канчалаган аңгемелерди жазат.