Tag Archives: Ак

АК ҮЙЛҮҮ

АК ҮЙЛҮҮ — бийлик ээлери тарабынан көз каранды элдин көрүнүктүү, кадырлуу, өкүлдөрүн (баласын же өзүн) барымтага алуу. Үстөмдүк кылуучу бийлик ээси буйругун эки кылбай аткарып туруш үчүн А. ү. ыкмасын колдонушкан. Эпостун негизги варианттарындагы согуштук окуяларда эскерилет. Алтайдан Ала-Тоого көчүп келишкен кыргыздарды коркутуу максатында Алооке кан: Өкмөттөн айрылып, Өкүнбөс боло турсун деп, Улуктуктан айрылып Урушпас боло турсун деп,… Кененирээк »

АК

АК — көркөм сөз каражаты, эпитет. А. эпитетинин өзүнчө өнүгүшү, эволюциясы бар. Коомдук өнүгүштүн алгачкы этаптарында адамдар жаратылыштын көп түрдүү кубулуш, көрүнүш касиеттерин адам сыяктуу эле жандуу нерсе катарында түшүнүшүп, алар эки түрдүү элес, таасир калтырган. Айрым кубулуш, көрүнүштөрдү адамдарга жакшылык, ийгилик алып келүүчү сыйкырдуу күч, рух, жышаан катары кабыл алышса, айрым башка көрүнүштөрдү, кубулуштарды, тескерисинче, адамдарга зыян,… Кененирээк »

«АК МӨӨР” ПОЭМАСЫ

«АК МӨӨР”  поэманын бир нече варианты бар.  Чыгарманын бир варианты алгач 1923-ж. Таластан  Өмүрбек Кудайбергенов ж-а Сапарбай Бокочиевден Каюм Мифтаков жазып алган. Экинчи вариантын да К Мифтахов манасчы Кожеков Жаңыбайдын айтуусунда Фрунзеде 1936-ж. кагазга түшүргөн.  Үчүнчү  вариантын 1940-ж Боронбаев Абдырайымдан Абдыкалык Чоробаев жазып алган. Төртүнчү  варианты К. Акиевдики. 1957-ж. Асылбек Эшматов «Ак Мөөрдүн» өз алдынчалыгы м-н айтылган вариантын түзөт. 1958-ж. Ала-Бука р-нунда жашаган Жолдошов Баатырбектен  А. Токомбаева да… Кененирээк »