Tag Archives: аке

ТИЛЕКМАТ АКЕНИН АДИЛЕТ, КАЛЫС БИЙЛИГИ

Ысык-Көл өрөөнүндөгү кыргыздардын ар бир уруусунун — бугу, дөөлөс, саяк, коңурат, катаган, мундуз, моңолдор, саруу, басыз ж.б., башкаруучу бийлери болгону менен, жалпысынан аларга Боронбай манап өмүрүнүн акырына чейин жетекчилик кылган. Ал абдан калыс, бардык урууларды тең санаган адам болгондуктан, бугуларга тиешелүү Ысык-Көл өрөөнүнө ооп келген элге жер берип, аларды кодулабай бооруна тартып, бардыгын бир жерде жашаган адамдар деп… Кененирээк »

ТИЛЕКМАТ АКЕНИН ТЕК-НАСИЛИ

Тилекмат акенин тек-дареги жөнүндөгү маалыматтар оозеки айтылып келе жаткан санжыраларда гана кездешет. Ал тууралуу (тек-дареги тууралуу) өз мезгилинде жазылып калган юридикалык документтер жок. Санжыра демекчи, ал — кыргыз элинде оозеки тарых. Оозеки тарыхта кыргыз элинин байыртан бери башынан өткөргөн жашоо-турмушу, каада-салты, үрп-адаты, башка элдер менен карым-катышы, эл ичинен чыккан өнөрпоздор — манасчылар, жомокчулар, акындар, ойчулдар, акылмандар, баатырлар, билермандар,… Кененирээк »

САДЫР АКЕ

Макалада инсандын теги, XIX кылымдын жарымынан XX кылымдын башында коомго аралашып, чындыкты түз беке айткан фактылары, калыс болуп элдик инсан болгону далилдүү даректер менен берилет. Ошондой эле Мамлекеттик чегара бөлүшүүдөгү дипломаттык багытта барандуу кызмат өтөгөнү белгиленет.

КЫДЫР АКЕНИН ОСУЯТЫ

Ысык-Көлдүн Акелеринин кичүүсү Кыдыр Аке эки доордо өмүр сүрүп, экөөндө тең эл-журтуна кадыр-барктуу болгону менен айырмаланат. Кыдыр Кылжырдын Орозбактысынын беш мырзасынын Сейитказысынын бешинчи мууну. Түлөберди бабасынан Эренче аттуу колго түшкөн калмак кыздан Олжобай төрөлгөн [1, 8-б]. Олжобайдан Байсары, Токсоба. Токсобанын Миңжылкы аттуу баласы аттан жыгылып, каза таап, күйүттөн аялы Каным кийин төрөбөй калат. Кайнагасы Байсарыдан Кыдырды багып алышкандыгы… Кененирээк »

САРТ АКЕ

Кыргыз журтчулугунун тарыхый санжыра таржымалында, биздин жашап жаткан доорубуздун өткөн кылымдарында, элине нускалуу кеби, тунук акыл мурасы менен белгилүү болгон далай инсандарыбыз өткөн экен. Алардын катарына айтылуу Садыр аке, Карга аке, Тилекмат аке, Мойт аке, Сарт аке, Кыдыр аке өңдүү «ата сөзүнүн» кадырман адамдарын киргизүүгө болот. Булардын ар биринин өмүрүн, нарк насилин өзүнчө бир суктануу, ойлонуу менен кабылдай… Кененирээк »

САРТ АКЕ

САРТ АКЕ  (Жыл сүрүү  болжолунда 1770–80-жылдары азыркы Нарын шаарына жакын (чыгыш тарабында) жарык дүйнөгө келген. Сарт аке элине барктуу, өзү озунуп кеп айтпаган, адамдын көзүнө тике караган, баамчыл, терең ойчул, акылман, көзү  ачыктай бир нерсени алдын ала айткан, нуктуу сөз айткан, чечендик касиети бар калыс адам болгон дешет. Ал кишинин ата мурасы болгон биздин күнгө  чейин келип жеткен нуска кеби калды. Сөздөрүнөн… Кененирээк »