Tag Archives: Алыкул

АЛЫКУЛ ОСМОНОВ

Поэзиянын ири чеберлеринин бири, ойчул, жаңычыл акын Алыкул Осмоновдун (1915—1950) чыгармачылык тагдыры жашоо, эмгектенүү, күрөшүү жолуна өз өмүрүн багыштаган адамдар үчүн өрнөк, сабак боло тургандай жөнөкөйлүгү, татаалдыгы, мазмундуулугу менен айырмаланып турат.

АЛЫКУЛ ОСМОНОВ

Алыкул Осмонов өтө кыска өмүр, сүрсө да, кыргыз совет адабиятын, асыресе поэзиясын профессионалдык даражага көтөрүшкөн, жаңы сапаттагы улуттук көркөм сөз казынасына салмактуу үлүш кошкон калемгер. Анын чыгармачылык мурасы көп сандаган ырлар менен поэмалардан, котормолордон, пьесалардан куралат. Бирок ал мурастын чордондуу жери — оригиналдуу поэтикалык чыгармалар. Осмоновдун ысмы улуттук китепкөйлөрдүн аң-сезиминен ардактуу орун ээлеген. Анын мыкты ырлары, поэмалары, поэзиялык… Кененирээк »

АЛЫКУЛ ОСМОНОВ

ОСМОНОВ  Алыкул (1915–1950, Панфилов р-ну)  –  көрүнүктүү  кыргыз акыны. 1929–33-жылдары Фрунзе педтехникумунда окуган. Ырлары 1930-жылдан жарыялана баштаган. Алгачкы поэтикалык жыйнагы – «Таңдагы ырлар” 1935-ж. басылып чыккан. 1937-ж. «Жылдыздуу жаштык” жана  «Чолпонстан” жыйнактары жарык көргөн. Акындын көзү тирүүсүндө мындан тышкары «Махабат” (1945), «Жаңы ырлар”, «Менин жерим ырдын жери” (экөө тең – 1947), «Жаңы ырлар” аталган дагы бир жыйнак (1949), көзү өткөндөн кийин «Ата журт”… Кененирээк »